ЖЫЛНААМА, 20-ОКТЯБРЬ: Мындан 45 жыл мурун америкалык рэп ырчысы Снуп Догг төрөлгөн




Мындан 45 жыл мурун, 1971-жылы 20-октябрда америкалык рэп ырчысы Снуп Догг АКШнын Калифорния штатынын Лонг-Бич шаарында төрөлгөн. Толук аты-жөнү – Кэльвин Кордозар Броадус (кичүүсү). Бул таланттуу рэперди апасы бала кезинде анын көз карашынан, мүнөзүнөн, чачынын тармалдашып турганынан улам америкалык мультфильмдеги каарман күчүккө окшоштуруп, тамашалап анын атынан Снуп Догги Догг деп атап койгон. "Snoopy" деген сөздү англис тилинен которгондо "изине түшүү", "артынан түшүү" деген маанини берет.
Снуп Догг 1993-жылы алгачкы ирет "Иттин стили" ("Doggystyle") аттуу ыр жыйнагын чыгарган. Снуп орус рэпери Тимати, Дэвид Гетта, Эйкон, Эминем, Николь Шерзингер, Бейонсе менен да дуэт ырдаган.
"Музыка ар дайым менин жашоомдун бир бөлүгү болуп келген, мен ар кандай музыканы айтып жатам... Ошондуктан мен үчүн бардык ырлар, рэп болобу, хип-хоппу же кантри стилиндеби, рокпу, поппу, айырмасы жок. Булардын баары музыка. Музыка жөнүндө сөз болуп жатканда, менде жаман ой жок. Мен ырды гана сезе алам. Музыка жөнүндө сүйлөгөнгө чебер эмесмин, анткени музыка мага чейин пайда болгон", - деген сүйүктүү иши тууралуу Снуп Догг.
20-октябрдын жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
nalukg

20.10.2016. 14:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эээх абдан маанилуу маалымат экен. 2 мунотум бошко кетти
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.