super.kg logo

Мамлекеттик каттоо кызматы: “2012-жылга чейин паспортторго жарандардын үй-бүлөлүк абалы ар түрдүү жазылып келген”

 

Буга чейин үй-бүлөлүк абалы ар түрдүү жазылган ID-карталар социалдык түйүндөргө жүктөлүп, кызуу талкууга алынган эле. Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов бул кезектеги фотошоп болушу мүмкүн экенин айтып, текшерүү жүргүзүлө турганын жана бул боюнча кошумча маалымат берерин билдирген.

Бүгүн, 20-октябрда өткөн тегерек столдо Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов төмөнкүлөрдү билдирди: “2012-жылга чейин чыккан паспорттордо үй-бүлөлүк абалы “никеси бар” же “никеси жок” жана аялдарга “жесир”, эркектерге “ажырашкан” деп жазылчу. 2012-жылдан кийин Мамлекеттик тил комиссиясынын сунушу менен паспорттогу "үй-бүлөлүк абалы" деген жерге “никелүү” же “никесиз” деген бирдиктүү стандарт киргизилген. Ошондой эле "жесир" деген сөз алынып, аялдарга дагы, эркектерге дагы бирдей “ажырашкан” деп жазылды. Ал эми “күйөөдө эмес” деген жазуусу бар паспорттор чыккан эмес".

2017-жылы бериле турган жаңы биометрикалык паспорттун өзгөчөлүктөрү тууралуу аталган тегерек столдо Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев: “Жаңы биометрикалык паспорттун артыкчылыгы - анын электрондук форматта болушу. Жарандын үй-бүлөлүк абалы өзгөргөндө ал паспортун мурункудай алмаштырып отурбастан, компьютердик системден “никелүү” же “ажырашкан” деп тез арада өзгөртүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Ошондой эле жаңы биометрикалык паспорттор менен акча которуп, сактоо мүмкүнчүлүгү да берилет", - деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
20.10.2016. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер аялы же куйоосу каза болуп калса дагы ажырашкан деп жазылабы?
20.10.2016. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча сактап, акча которуу мумкунчулугунун кереги жок. Элестеткиле, мугалим, врач ж.б госучережденияда иштегендердин абалын, айлык алды дегиче, светке, газга, сууга,деп налок автоматтуу турдо алынып калганын... алдын ала эле.
20.10.2016. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен мурунку паспортумда никеси жок деген жазуу бар эле жакынла жоготуп жаны алдым никесиз деп жазылыптыр.
20.10.2016. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
2012 -жыл эмес эле 2015 жылдагы менин паспортумда никеси бар быйыл алган жолдошумдун паспортунда никелуу деп турат булар айтса окшошо берет да эми
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: