КҮНСЕРЕП: Атамбаев бийликти сындаган журналисттердин тагдырын эстетти
Бүгүн, 20-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Бишкектин Арча-Бешик конушунда жаңы спорткомплекси ачылды. Ага катышкан президент Алмазбек Атамбаев комплексти курууга демөөрчүлүк кылган орусиялык “Газпром” компаниясын абдан мактап, компаниянын башкармалык төрагасы Алексей Миллердин төшүнө Данакер медалын такты. Ишкананы мактаганы менен, Орусиянын министрликтери кыргыз тарапты сызга отургузуп кетишкенин айтып алды. Тагыраагы, Орусиянын айрым министрликтери Кыргыз мамлекетин ара жолго таштап кеткенин, “Газпром” андайга барбаганын жетишкендик катары атады президент. Кыргыз президентинин таарынычы Орусиянын Энергетика министрлигине багытталды деп божомолдоого болот. Анткени Атамбаевдин Жогорку Нарын ГЭСтер каскады жана Камбар-Ата 1 ГЭСин куруу планы Орусия өкмөтүнүн айынан үзгүлтүккө кабылганы жакшы белгилүү. Энергетикалык көз карандысыздыкты оозунан түшүрбөгөн президент үчүн аталган ГЭСтердин курулушунун токтоп калышы катуу сокку болгон. Курулуш башталар алдында кыргыз элине берген маанилүү убада аткарылбай калды. 2013-жылдын декабрында президент Камбар-Ата 1 ГЭСинин куруларына бөркүндөй ишенерин айтып, элди да ишенүүгө чакырган. “Бул долбоорду аягына чыгарабыз. Камбар-Ата ГЭСин Орусия эми колдобойт деген ушакты тактоонун кереги деле жок. Бул ушак бойдон калат", - деген эле. Ушак эмес эле реалдуу чындык болуп чыга келди. 2015-жылдын декабрында Атамбаев Орусия кризистин айынан ГЭС кура албай калышы ыктымал экенин, андыктан башка инвестор издөө керектигин айтууга аргасыз болгон. Бир имарат курган компанияны мактоо үчүн ошол окуяны мисал кылганы канчалык орундуу экенин эл өзү таразалап алар.
Анын үстүнө газ тармагында берилген убадалар деле укмуш аткарылып кете элек. Жөнөкөй мисал: эл пайдаланган жаратылыш газынын баасы. "Кыргыз газ" ишканасы 1 долларга сатылып жатканда кыргыздарга үзгүлтүксүз жана арзан газ убадаланган. Үзгүлтүксүз берилип жатканы чындыр, бирок баалар ай сайын кымбаттап жатканын жашыруу мүмкүн эмес. Мисалы, "Кыргыз газ" жаңы сатылганда газдын 1000 метр кубу 59 долларга арзандаганы айтылган. 2014-жылдын 1-октябрынан тарта газдын метр кубунун баасы калк үчүн 12 сом 95 тыйындан айланары, бул ага чейинки тарифке салыштырмалуу 21 пайызга же метр кубу үчүн 3,4 сомго арзан экени маалымдалганы эсте. Андан бери газдын баасы акырындык менен өсүү үстүндө, бүгүнкү күндө 14 сом 26 тыйын. Бишкектин тегерегиндеги конуштарга газ жеткирүү иши да аягына жакындай элек. Ысык-Көл облусунун мурунку башчысы Эмилбек Каптагаевдин айтымында, “Газпромдун” планы боюнча 2017-жылга чейин Ысык-Көл облусунда 6 газ бөлүштүрүүчү станция курулуп бүтүп, облус калкынын 67 пайызы газ менен камсыздалышы керек болчу. Облус эли мурункудай эле отун, көмүр менен кышка камылга көрүүдө.
Бир ок менен бир нече коён атууну көздөдү көрүнөт, президент бүгүн журналисттерге нааразычылыгын айтты. Сөзүнүн маңызынан улам капачылыгынын баары бийликти сындаган журналисттерге жана ММКларга экенин баамдоого болот. Айрым журналисттердин аты-жөнүн атап, аларга Бакиевдин тушунда журналисттерге уюштурулган кол салууларды, зомбулуктарды, буюртма өлтүрүүлөрдү эскертти. "Айрым журналисттер Бакиевдин тушунда азыркыдан жакшы эле деп кыйкырып жатышат. Павлюкту кантип 6-кабаттан тирүү таштап жибергени эсиңердеби? Ар дайым эстеп жүрүү керек: ким тарыхты тапанча менен атса, келечек аны замбирек менен атат", - деди президент. Атамбаевдин бул сөзү "бийликти сын айтканды токтоткула, болбосо Бакиевдин тушундагыдай болот" деген сигналбы? Болбосо сөз эркиндигине кысым жок экенин, мындан ары да болбой турганын башка мисал менен деле түшүндүрүүгө мүмкүн эле да...
Соңку мезгилде өлкөнү интернет менен камсыздоо өкмөттүк көйгөйгө айланды. Казакстандык тарап тарифти кымбаттаткандан кийин, 7-сентябрда ата мекендик интернет менен камсыздоочу ишканалар да тарифти жогорулатууга барышкан. Башында кыргызстандык интернет-провайдерлер интернеттин баасын арзандатуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын маалымдап жатышкан. Сүйлөшүүлөрдөн жакшы майнап чыкпаганын убакыт көрсөтүүдө, маселе парламентке жетти. Бүгүнкү парламент жыйынында бул көйгөйгө бир топ депутат кайрылды. Жанар Акаев дүйнөдө интернет арзандап, айрым өлкөлөрдө акысыз болуп жатса, Кыргыз жеринде, тескерисинче, кымбаттап, сапаты начарлап баратканын айтат. "Кыргыз мамлекети 21-кылымда интернетсиз калып, бүт дүйнөгө шерменде болушубуз мүмкүн", - дейт депутат. Башка депутаттар интернеттин кымбатташы боюнча “Кыргызтелеком” ишканасын айыпташты. Пикирлер мындай:
“Кыргызтелеком” эки казакстандык компания менен келишим түзүп, 3 айдын ичинде жарым миллион долларга чыгаша тартты. Эгер мурда “Кыргызтелеком” Казакстандан 1 мегабайтты 13 доллардан алса, азыр 30 доллардан алууда. Ким буга жол берди? УКМК, өкмөт, Башкы прокуратура эмнени карап жатат?”
“Казакстан интернеттин 1 мегабайтын Орусиядан 1 долларга сатып алып, ал эми Кыргыз Республикасына 12-13 долларга сатып жатат”...
Өкмөт казакстандык тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтуу менен чектелүүдө. 14-сентябрда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директорун, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасын чакырып, Казакстан менен сүйлөшүү процессин тездетүүнү тапшырган эле. Андан бери 1 ай өттү, жыйынтык жок. Интернеттин ылдамдыгы начарлаганынан улам кыргызстандык кардарлардын нааразычылыгы күндөн-күнгө өсүүдө. Өкмөттүн чабалдыгы. Коңшулар менен качан тил табышып, качан интернет калыбына келтирилет? Чек ара, суу көйгөйлөрү аз келгенсип, эми жаңы көйгөй чыкты...


