super.kg logo

Бишкек-Ош унаа жолундагы "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн кайрадан чектөө коюлду

 

Бишкек-Ош унаа жолундагы "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн кайрадан чектөө коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

"Бишкек-Ош жолунун 119-120-чакырымдарында жол тайгак болгонуна байланыштуу унаалардын жол жүрүүсү кыйындаган. Азыркы учурда №9-жол тейлөө ишканасы тарабынан жолдорго кум, туз себүү иштери жүрүп жатат. Жеңил унаалар үчүн чектөө жок. Министрлик унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоону жана айдоочуларга унаалардын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууну, чынжыр, күрөк алып жүрүүнү эскертет", - деп айтылат ӨКМнын саат 15:00гө карата берген маалыматында.

18-октябрда Бишкек-Ош унаа жолунун 127-128-чакырымдарында кар калың жаап, жол тоңголок болгондуктан, унаалардын жүрүшүнө оорчулук жаралган. Ошол себептен оор жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө киргизилип, бирок бүгүн алынган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: