super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 20-ОКТЯБРЬ: Мындан 6 жыл мурун Бүткүл дүйнөлүк статистика күнү белгилене баштаган

 
Мындан 6 жыл мурун, 2010-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Статистикалык комиссиясы 41-сессиясында Бүткүл дүйнөлүк статистика күнүн негиздеген. Ал эми 2010-жылы 3-июнда БУУнун Башкы ассамблеясы 64/267 резолюциясын кабыл алып, 20-октябрды Бүткүл дүйнөлүк статистика күнү деп жарыялаган. Бул чечимди чыгарууга прогрессти өлчөө үчүн өз убагында так берилген статистикалык маалыматтардын маанилүүлүгү түрткү болгон. Мындай маалыматтар көбүнчө өнүгүү жолун көзөмөлдөөгө, саясий маселелерди негиздүү чечүүгө керек.
Ал эми БУУнун Башкы ассамблеясынын 69/282 резолюциясына ылайык, Бүткүл дүйнөлүк статистика күнү ар 5 жыл сайын белгиленет.
1927-жылы октябрь айында Кыргыз АССРинде Борбордук статистикалык башкармалыгы ачылган. 1987-жылы Борбордук статистикалык башкармалыгы жоюлуп, Статистика боюнча мамлекеттик комитет түзүлүп, 1994-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик статистика комитети болуп өзгөртүлүп, өкмөттүн түзүмүнөн чыккан. Түзүмдөн чыкканы ага мамлекеттик жана саясий структуралардан көз каранды болбогонго шарт түзгөн.
Ошол эле жылы май айында статистикалык системде жаңы өзгөртүүлөр болуп, өлкөбүздүн ал кездеги президенти Аскар Акаев 1994-жылы 30-майда "Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети тууралуу" буйрукка кол койгон. Буйрукка ылайык, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик статистика комитетине "Улуттук статистикалык комитет" макамы ыйгарылган. Жаңы макам боюнча, бул комитет бир гана президенттин алдында отчёт берет. КРнын Статистикалык кызматы КМШ өлкөлөрүнүн арасынан көз карандысыздык статусуна биринчи болуп ээ болгон.

20-октябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.10.2016. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
статистикага олло кызыгам чынында
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: