super.kg logo

Акыркы 2 жыл ичинде Кыргыз мамлекетинде 11 миң жарандыгы жок адам аныкталып, алардын 8700үнө документ берилди

 

2 жылдын ичинде Кыргыз мамлекетинде 11 миң жарандыгы жок адам аныкталып, алардын 8700үнө документ берилди. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда БУУнун Качкындар иши боюнча өкүлчүлүгүнүн Кыргыз Республикасындагы жетекчиси Маки Шинохара журналисттер менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, БУУнун Качкындардын иши боюнча башкармалыгы 2014-жылы жарансыздыкты кыскартуу боюнча иштеп чыккан долбоорун Кыргыз өлкөсүнүн Мамлекеттик каттоо кызматы менен биргеликте ишке ашыра баштаган.

“Бул долбоордун алкагында атайын мобилдик топторду түзгөнбүз. Алар Кыргыз өлкөсүндөгү облустарды кыдырып, жарандыгы жок адамдарды аныктоо иштерин жүргүзүштү. Кээ бир аймактардан 40 жаштагы жарандыгы жок адамдарды жолуктурдук. Алардын бири кафе ачайын дегенде гана паспорттун канчалык деңгээлде маанилүү документ экенин түшүнгөнүн айтып берген”, - деп билдирди Шинохара.

Маки Шинохара учурда туулгандыгы жөнүндөгү күбөлүгү жок балдарга да документтерди берүү маселесин чечүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгиледи.

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө БУУнун Качкындардын иши боюнча башкармалыгы Кыргыз мамлекетинин алыскы райондорундагы Мамлекеттик каттоо кызматынын бөлүмдөрүнө керектүү жабдууларды тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
20.10.2016. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
11мин документи жок жарандын 10мини озбектер калганы кытайлар болсо керек...озбектерге улуту кыргыз деп паспорт берип аткандан кийин бул жагын айтбай элэ койсок болот...
21.10.2016. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Божомолдоп айта салган го ким есептемек еле дегендей
21.10.2016. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бергени туура, бирок 1 таанышым пропискасы жок паспотун жоготуп ала албай 10 жылдан бери ала албай журушот го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: