super.kg logo

Бишкек шаарында үй-жайсыз адамдар үчүн баш калкалоочу жайлар иштеп жатат

 

Бишкек шаарында үй-жайсыз адамдар жана селсаяктар үчүн баш калкалоочу жайлар иштеп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 20-октябрда билдирди.

"Борбор калаанын 4 районунда үй-жайсыз адамдар үчүн убактылуу жана үзгүлтүксүз иштеген жайлар иш алып барууда. Ал жактан үйү жоктор бир маал тамак жана түнкүсүн жата турган орун менен камсыздалышат. Биринчи Май районундагы "Коломто" баш калкалоочу жайында 70 адам, Ленин районундагы "Боорукердик" борборунда балдары менен 26 аял күн кечирүүдө. Ал эми Свердлов району менен Октябрь районундагы мындай жайлар 40-50 адамга эсептелген. Учурда Октябрь районундагы баш калкалоочу жайда 4 адам бар", - деп айтылат мэриянын маалыматында.

Бул жайлар үчүн жергиликтүү бюджеттен 2016-жылдын ноябрь айынан 2017-жылдын апрель айына чейин 1 миллион 500 миң сом бөлүнгөнү маалым болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.10.2016. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айдын жарымы жарык,жарымы карангы демекчи бул жерде баш калкаалаган жарандарыбызгада жарык жаз келээр.Эн жакшы жардам болуптур уйу жок талаада калган байкуштарга.Пендебиз,эртенки кунубуз карангы.Ал кишилерда мумкун убагында мугалим,дипломат,Адам омурун сактаган дарыгерлер болгон чыгаар.Жакшы жашоону кудайым баарыбызга насип кылсын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: