Конституциянын "жоголушу" күлкүгө айланып, интернетте түрдүү мемдерди жаратты
Жогорку Кеңештин 19-октябрдагы жыйынында чиновниктер менен депутаттар 2010-жылкы Конституциянын түп нускасы кайда экенин сураштырып таппай калышты. Юстиция министри, мыйзамга ылайык, Баш мыйзамдын оригиналы президенттик администрацияда сакталышы керектигин айтса, президенттик аппараттын кызматкери "бизде да жок" деди. Бул кейиштүү, бир чети күлкүлүү жагдай интернетте түрдүү мемдерди пайда кылды. Өлкөнүн башкы документинин "жоголушу" интернет колдонуучуларынын фантазиясына жараша мыскылга айланууда. Сүрөттөр Фейсбук баракчаларынан алынды.
Мемдердин көбү качкын президент Курманбек Бакиевге байланыштырылууда. Жылмайып коюңуз...
Бул сүрөткө жазуу төп келишип калган.
"Өлүп кетейин-2".
Мурунку президенттер...
Интернет колдонуучулары Конституциянын "жоголушун" бийликтен көрүшүүдө.
Комментарийсиз.
Интернет колдонуучулары Баш мыйзамдын оригиналы менен коштошууга да үлгүрүштү.
Президенттин жакын кишисинен тамашалуу шек санагандар да бар.
Холмс келди, эми жакында Конституция табылат.
кошулду


Чоңдорубуз көзүбүзчө миң өлдү.
Ал го мейли, муногусу өлтурду.
Конституция жоголуптур ким көрдүүүү???
Кимдер тапты? таппаганга тапалак.
Ким алса да менден эки шапалак.
Бир пайдасыз мына ушул чоңдордун.
Бүт баарысын салгым келет балталап.
Биздин бийлик калп айтуунун устасы.
Барган сайын абийирлер айрандай.
Төгүлүүдө,... төгүлүүдөөө кыскасы.