super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 21-ОКТЯБРЬ: Америкалык модель Ким Кардашян 36 жашка толду

 
Ким Кардашян
Канье Уэст жана Ким Кардашян
Модель өзүн көрсөтүүнү жакшы көрөт.
Париждеги кол салуудан кийин коркуп калганы, психологдорго барып жатканы жазылууда.

Мындан 36 жыл мурун америкалык фотомодель, актриса Ким Кардашян Лос-Анжелесте туулган. Анын чыныгы аты-жөнү - Кимберли Ноэль. Атасы Роберт Кардашян белгилүү адвокат болсо, апасы Крис Женнер учурда анын менеджери.

2006-жылы интернетке Ким Кардашяндын интимдик видеосу тарап, көпкө чейин өчүрүлбөй жүргөн. Бул окуя аны атактуулукка жеткирген. Чыгармачылык жолун 2007-жылы өзүнүн үй-бүлөсү менен "Keeping Up with the Kardashians" реалити-шоусуна катышып баштаган. 2010-жылы реалити-шоуго катышкандардан эң кымбат жылдыз катары 6 миллион доллар таап, анын 10 пайызын кайрымдуулукка жумшаган. 2011-жылы бир тууган эжеси Кортни Кардашян менен жаңы реалити-шоу баштаган. Актриса катары 2008-жылы "Болбогон блокбастер" тасмасына тартылып, начар аткарылган ролу үчүн "Алтын малина" сыйлыгына ээ болгон. Бул тасмадан кийин көптөгөн сериалдарда жана тасмаларда роль жараткан. 2007-жылы "Playboy" журналына сүрөткө түшкөн. 2008-жылы "Bongo Jeans" кийим фирмасы менен келишим түзүп иштей баштаган. Бүгүнкү күндө "DASH" кийим дүкөндөрүнүн ээси. Учурда рэпер Канье Уэст менен жашайт.

Жакында эле белгисиз адамдар моделге Париж шаарында кол салып, 11 миллион евролук зер буюмдарын уурдап кетишкен. Чет элдик басылмалар Канье Уэст сүйүктүүсүнө белекке 40 миң фунттук (болжол менен 3 миллион сом) сөйкө даярдап жатканын жазып чыгышты.

21-октябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
21.10.2016. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул да болсо кыргыздын маданиятын бузуу . Жылаңач жүргөн , бузукулукту данктаган чет өлкөнүн жарагдарын рекламалап.
21.10.2016. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушуларга кор болгон кайран акча
21.10.2016. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мунун бизге кандай тиешеси бар мага демектен 60жылдыгын откорсун
22.10.2016. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даа
22.10.2016. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Париж болгон кол салуу само пиар. Калп эле жыланач денесин рекламалоо болгон максаты.. Кокурогу мн жамбашынын артынан кун корот каарыса имлантанты чирип тушсо эмне кылат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: