super.kg logo

Соодагер: "Сары-Өзөн" базарына кетерибизди билген "Дыйкан" базарынын администрациясы бизге кысым көрсөтүп жатат"

 
Соодагер Гуля Курамаева

Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекция Бишкектеги "Дыйкан" базары талапка жооп бербегенин аныктагандан кийин аталган базар жабылмай болгон. "Дыйканда" иштеген соодагерлер "Дордой-Моторс" жана "Сары-Өзөн Дыйкан" базарларына көчүрүлмөк. Бүгүнкү күндө базар жабылбай, соодагерлер ишин улантып жатышканы белгилүү болду. Башка базарга көчүп кетүүнү көздөгөн соодагерлерге администрация тарабынан кысым болуп жатканын соодагер Гүлмира Алиева бүгүн, 21-октябрда болгон жыйында билдирди.

"Биз толук кандуу иштей элек "Сары-Өзөн" базарынан соода орунун алганбыз. Базар иштегенче "Дыйканда" иштеп жатканбыз, бирок базардын администрациясы контейнерибизди жаап салды. Бизге кысым болуп жатат", - дейт Гүлмира Алиева.

Маалыматка ылайык, "Дыйкан" базары 2008-жылдан бери иштейт. Ал эми соодагер Гуля Курамаева "Дыйкан" базарынын жабылышына каршы экенин билдирди.

"Базардын администрациясы биз үчүн жакшы шарт түзүп берген. "Базарда унаа тыгыны жаралат" дегени калп. Учурда базар тазаланды. Кечээ, 20-октябрда Ак үйдүн алдына президентке, Жогорку Кеңешке анын жабылбашын талап кылып, тынчтык митингине өз ыктыярыбыз менен 100 адам чыктык", - дейт Гуля Курамаева.

"Дыйкан" базарында 700гө жакын адам иштейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.10.2016. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эй тообо кандай пропка болбойт АЗС тен 1 саат дегенде кирет элек ошондо да жол кирени бербей кыйнайсынарго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: