super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 21-ОКТЯБРЬ: Орусиялык актёр жана режиссёр Никита Михалков 71 жашка толду

 
Никита Михалков
Агасы Андрей Михалков-Кончаловский

Бүгүн, 21-октябрда орусиялык актёр жана режиссёр Никита Михалков 71 жашка толду. Ал Москва шаарында туулган. 1956-1959-жылдары Москва консерваториясынын алдындагы Борбордук музыкалык мектепте фортепиано классында окуган. 1963-жылы Щукин атындагы театралдык окуу жайга тапшырып, 1966-жылы тасмага тартылгандыгы үчүн окуудан чыгарылган. Себеби ал окуу жайдын студенттерине окууну аяктагыча тасмага тартылууга тыюу салынган. Кийин ВГИКтин (Орусия мамлекеттик кинематография институту) режиссёрлук факультетинин 2-курсуна отуруп, аны 1971-жылы аяктаган.

Никита Михалков актёр катары 14 жашынан тартып тасмаларга тартыла баштаган. Ошол кезде "жылдыз" оорусуна кабылганы тууралуу берген маектеринде мындай дегени бар:

"Ал окуяны эстегенде азыр да уялып кетем. Жаңы эле тасмага тартылып бүткөн кез эле. Сүрөтчү жигит эсеби жетпеген менин сүрөттөрүмдү тартып берди. Анан анын баарын бөлмөгө чаптап чыгып, өзүмө ыраазы болуп калдым, себеби мен искусствого, агама (Андрей Михалков-Кончаловский) жакындап калган элем. Бир күнү ошол бөлмөгө кирип, илинип турган белгилерди көрдүм. Аны карап баратып чоң атамдын атасынын жөнөкөй сүрөтүнө көзүм түштү. Сүрөттүн алдында "Уялсаң боло. Бабаларыңдан үлгү ал" деген жазуу бар экен".

Бул актёрго катуу таасир берип, уяткаргандыктан, азыр дагы үйүндө жеке сүрөттөрү жок экени айтылат.

21-октябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: