super.kg logo

Жумуш учурундагы мертинүүдөн келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 29 миллион 10 миӊ сом өлчөмүндө компенсациялар төлөндү

 

Экотехинспекциянын Техникалык блогу тарабынан инспекторлор 2016-жылдын 9 айында республика боюнча 7403 текшерүү өткөрүштү. Алардын негизинде 27 291 мыйзам бузуу табылып, 7 миллион 431 500 сом административдик айып салынып, анын ичинен 5 миллион 526 100 сом республикалык бюджетке өндүрүлгөн. Сот органдарына мыйзамдын негизинде чечим чыгарып берүү үчүн 310 материал жиберилген, анын ичинен 39у кароодо турат. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда аталган инспекциянын 9 айлык коллегиясынын жыйынында белгилүү болду.

"Архитектуралык-курулуш көзөмөлдөө тармагында 9 айда республика боюнча текшерүүлөрдүн негизинде жалпы суммасы 4 миллион 417 миң сом айып салынып, анын ичинен республикалык бюджетке 3 миллион 42 500 сом өндүрүлдү, бул жалпы салынган айыптардын 70 пайызын түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Экотехинспекциянын Өрт көзөмөлү тарабынан инспекторлор 2016-жылдын 9 ай ичинде республика боюнча 2211 текшерүү өткөрүп, 11 507 мыйзам бузууну табышкан, алардын негизинде 402 протокол жана токтом берилген. Берилген токтомдордун негизинде 2 миллион 179 миң сом административдик айып салынып, анын ичинен 1 миллион 769 200 сом республикалык бюджетке өндүрүлгөн. Бийлик органдарына жалпысынан көмөк көрсөтүү үчүн 1 материал жиберилгени маалым болду.

"Ал эми эмгекти коргоо инспекторлору тарабынан 694 текшерүү жүргүзүлгөн. 94 өндүрүштө болгон бөөдө кырсык тергелди. Эмгек учурунда жабыркагандардын саны 114 адам, анын ичинен 46сы өлүмгө дуушар болгондор, 57си оор жаракат, калганы жеӊил жаракат алгандар болду. Эмгектик мертинүүдөн келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 29 миллион 10 миӊ сом өлчөмүндө компенсациялар төлөндү. Убагында төлөнбөгөн 7 миллион 177 миӊ сомдук айлык акысы төлөнүп берилди. Административдик жоопкерчиликке 176 мекеме-ишкананын жетекчилери тартылып, 434 900 сом өлчөмүндө айыптар салынды", - деп билдиришти инспекциядан.

Мамлекеттик инспекторлордун штаттык бирдигинин жетишсиздиги Экологиялык-техникалык инспекциянын көйгөйлүү маселеси экенин кошумчалашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: