super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 22-ОКТЯБРЬ: 13 жыл мурун Аскар Акаев Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайип Эрдоганды кабыл алган

 

Мындан 13 жыл мурун, 2003-жылы Кыргыз мамлекетинин ошол кездеги президенти Аскар Акаев Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайип Эрдоганды кабыл алган. Жолугушуу Бишкекте өткөн. Президент Акаев өткөөл мезгилде Кыргыз мамлекетине ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн кыргыз элинин атынан Түркияга ыраазычылык билдирген. Бул жолугушуу кыргыз-түрк кызматташтыгын жаңы баскычка көтөргөн. Эрдоган учурда Түркиянын президенти. Азыркы учурда Кыргыз мамлекети менен Түркиянын мамилеси муздай түшкөнү байкалууда. Эксперттер буга Түркиядагы аскердик төңкөрүш аракетинен кийинки президент Алмазбек Атамбаевдин түрк тарапка айткан билдирүүлөрү себеп болгонун айтышууда. Атамбаев 2016-жылдын августунда Чолпон-Атада журналисттер менен жолугушууда да Түркия өкмөтүнө карата катуу сындарды айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: