super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 22-ОКТЯБРЬ: 11 жыл мурун киши колдуу болгон депутат Тынычбек Акматбаевдин жактоочулары “Ала-Тоо” аянтына пикетке чыгышкан

 
Мындан 11 жыл мурун, 2005-жылы киши колдуу болгон Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаевдин (сүрөттө) 300-400дөй жактоочусу Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтына пикетке чыккан. Алар ошол кездеги премьер-министр Феликс Куловдун кызматтан кетишин талап кылышкан. Пикетке чыккандарды маркум депутаттын агасы Рысбек Акматбаев баштап, алардын катарында тууган-уругу жана санаалаштары менен кошо спортчулар турушкан.
Ушул эле күнү түштөн кийин "Ала-Тоо" аянтындагы пикетчилер менен Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Таштемир Айтбаев, ички иштер министри Мурат Суталинов, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Молдомуса Конгантиев аянтка тигилген боз үйдүн ичинен Рысбек Акматбаев менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Сүйлөшүү соңунда министр Суталинов пикетке чыккандарды түшүнө турганын жана алар конституциялык укуктарын пайдаланып жатышканын билдирген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.10.2016. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рысбектен корконда бизге окшогондорго жонокой жаранга басып да келбейт болчу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: