super.kg logo

Пекиндеги конференцияда акылдуу роботтордун түрлөрү көрсөтүлүүдө

 
Бийчи робот
Бул робот суроолорго жооп берет.
Келечекте адамдардын ордуна роботтор иштеп, көчөлөр, метролор бош калганда жолдош болчу робот.
Футбол ойногон роботтор
Нейрохирургияда да роботтор колдонулат.
Жолду туура көрсөтүп бере алчу робот

Кытайдын Пекин шаарында роботторго арналган Дүйнөлүк конференция өтүп жатат. Ага 11 өлкөдөн 300дөн ашуун эксперт катышууда. Бул тууралуу "Gbtimes" басылмасы жазып чыкты.

Конференцияда өнөр жайда жана тейлөө жаатында колдонулуучу роботтор гана эмес, көңүл ачууга арналган роботтор да көрсөтүлүп жатат. Андай роботтор бийлеп, футбол ойноп, каллиграфия жазууларын жаза алышат. Ошондой эле конференцияда нейрохирургияда жардам бере турган роботтор көрсөтүлүп, Пекинде 5 ооруканада колдонуу чечими чыкканы айтылган.

Кытайдын вице-премьери конференциянын катышуучуларын роботторду колдонууга чакырды. Статистикалык маалыматтарга ылайык, Кытай 2015-жылы 66 миң робот сатып, бул тармакта башкы сапта турат.

Кытай өлкөсү роботторду өнөр жай жана тейлөө жаатында колдонууга умтулуп келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
24.10.2016. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми бара бара роботтор менен жашап булар менен иштешип калат экенбиз да бирок ким билет булар кобойгучо
бул дуйно эмне болуп кетет бирок робботсуз эле аллахым берген жашоо озу сонун
yoona96 түзөттү 2016-10-24 11:53:50
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: