super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 24-ОКТЯБРЬ: Орусиялык жеке ишкер, миллиардер Роман Абрамович 50 жашка толду

 
Роман Абрамович дизайнер Дарья Жукова менен
Дизайнер 2009-жылы сүйүктүүсүнө уул төрөп берген.

Бүгүн, 24-октябрда орусиялык жеке ишкер, миллиардер, Чукотка облусунун экс-губернатору, атактуу "Челси" футбол клубунун ээси Роман Абрамович 50 жашка толду. Ал Саратов шаарында туулган. 1983-жылы Москвадагы №232-мектепти аяктаган. Окууну бүтөрү менен Ухтадагы индустриялык окуу жайга тапшырган, бирок окуусун таштап, өз эрки менен аскерге кызмат кылуу үчүн барып, Владимир облусундагы Киржач артиллериялык полкунда катардагы жоокердин милдетин аткарган.

Аскерден келген соң жеке ишкердик менен алектенип, Орусиянын мурунку президенти Борис Ельцин менен иштешип калган. Ельцин менен иштешүү ага ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашырууга жардам бергени айтылат. 1999-жылы №223-Чукотка округунан Мамлекеттик Думага депутат болуп, кийин 90 пайыз добуш менен облус губернатору болуп шайланган. Кийинки президент Владимир Путин дагы 2005-жылы Абрамовичти шайлоосу жок эле экинчи ирет губернаторлукка көрсөтүп, жергиликтүү кеңештин 100 пайыз добушу менен ордунда калган. Ал эми 2008-жылы 3-июлда өз ыктыяры менен губернаторлук орунду бошоткон. 2003-жылы Абрамович Лондондун "Челси" футбол клубун сатып алган.

"Forbes" басылмасынын маалыматына ылайык, ишкердин 2016-жылдагы дүнүйөсү 7,6 миллиард долларды түзөт. Маалыматтарга караганда, анын жеке кайтаруу кызматында 40тай профессионал кызматкери бар, анын 20дайы Улуу Британияда болсо, калганы аны иш сапарларда коштоп жүрөт.
Роман Абрамович эки жолу үйлөнүп, ажырашкан. Мурунку никесинен 5 баласы бар. Учурда ал Дарья Жукова аттуу дизайнер менен жашайт. Дизайнер 2009-жылы сүйүктүүсүнө уул төрөп берген. Кийинчерээк кыздуу болгону айтылат. Миллиардер жеке жашоосу тууралуу маалымат берүүдөн баш тартып, үй-бүлө мүчөлөрүн коомчулуктун көзүнөн далдоо алып жүрүүгө аракет кылат.

24-октябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: