super.kg logo

Премьер-министр "республикалык бюджеттин кирешелери боюнча план 100,4 пайызга аткарылды" дейт

 

2016-жылдын 9 айынын ичинде ички дүң продукциянын көлөмүнүн жалпы суммасы 310,1 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин отурумунда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, ИДП боюнча реалдуу өсүш 102 пайыз болду, ал эми “Кумтөр” кенин кошпогондо реалдуу өсүш 103,1 пайызды түздү. 9 айдын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин аткарылышы төмөнкүдөй:

  • Республикалык бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 80,2 миллиард сомду түздү, башкача айтканда, план 100,4 пайызга аткарылды;
  • Салыктык кирешелердин жалпы көлөмү 57,7 миллиард сомду же пландын 96,5 пайызын түздү;
  • Салыктык эмес түшүүлөр 16,9 миллиард сомду же пландын 105,2 пайызын түздү.

Мындан тышкары өкмөт башчы республикалык бюджеттин аткарылышынын чыгашалар бөлүгү 94 миллиард сом суммасында аткарылып, план 92,3 пайызды түзгөнүн баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: