ЖЫЛНААМА, 24-ОКТЯБРЬ: 1601-жылы мурунсуз астролог, алхимик, Кайра жаралуу доорунун астроному Тихо Браге каза болгон
Кайра жаралуу доорунун астрологу жана алхимиги, астроном Тихо Браге каза болгон. Ал 1546-жылы 14-декабрда Данияда туулган. Браге Европада алгачкылардан болуп системдик жана жогорку чекиттерден астрономиялык байкоолорду жүргүзүп, (кийин Кеплер ачкан) планеталардын кыймылынын законун изилдеп баштаган.
Ал 12 жашында эле Копенгаген университетине тапшырып, ал жактан астрономия илими менен алектене баштайт. Копенгагенде берилген билим деңгээлине канааттанбаган Тихо Лейпцигден билим алууну улантат. Ал жакта окутуучуларынын бири Иоахим Камерарий болгон. Ата-энеси Брагени юридикалык билим алса деген ойдо окутушат. Бирок ал астрономиялык байкоолорго баш-оту менен киришип, тиешелүү куралдарды сатып алса, колдонгон куралдарынын жарымын өз колу менен жасап да алган.
Окуусун аяктоо мүмкүнчүлүгү Тихо Брагеге буюрбай калган, себеби 1565-жылдын май айында Дания менен Швециянын ортосунда согуш чыгып калат. Атасы Йерген аскердик адам, адмирал болгон жана кыйла эле бай жашаган. Согуш башталганда Брагени Копенгагенге, өзүнүн жанына чакырып алат. Мына ошентип анын окуусу үзгүлтүккө учурап калган. Копенгагенге кайтып келген соң Тихонун атасы Йерген көпүрөнүн үстүндө кетип баратып атынан сууга кулап түшкөн падышаны сактайм деп жатып суук тийип калат дагы, 60 жаш курагында кайтыш болот. Атасынан калган чоң байлык, аны сактоо түйшүгү 19 жашар Тихо Брагеге калат. Мындан соң ал кайрадан окуусун улантууну көздөп, Виттенберг университетине тапшырат. Ал жактан чума эпидемиясына кабылып, Ростокко кетүүгө аргасыз болот. Ал жактан алыскы бир тууганын таап алат дагы, аны менен жаңжалдашып кетип, тууганы тарабынан эрөөлгө чакырылат. Ал жерден мурдуна ок тийип, өмүрүнүн акырына чейин протез менен жүрүүгө аргасыз болот.
Тихо Браге өмүрүнүн баарын асманга көз чаптыруу менен өткөргөн. Ал астрономия илиминде азыркыга чейин колдонулган ачылыштарды жасаган. Ал чаалыкпаган эмгеги, ойлоп табуучулугу менен мурда эч ким көрө албаган кең асман телосундагы мейкиндиктерди көрө алган.
24-октябрдын жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
nalukg

24.10.2016. 15:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kaysyl a4ylywtar ekenin toluktap jazsanar sonun bolmok
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.