super.kg logo

Пианист Азамат Сыдыков: "Үч ирет жайынан казылган Сатыбалдиевага мүрзөдөн тынч орун бере албаган кыргыз бийлигин айыптайм"

 

Ала-Бука районунда үчүнчү ирет жерге коюлган баптист аялдын сөөгү казылып алынган. Төртүнчү ирет коюлган жайы белгисиз болуп, коомдо бул кызуу талкууну жаратып, өлкөнүн дин аалымдары, юристтер бул маселе боюнча өз пикирлерин билдиришкен. Дин маселеси өлкөдө курч экени буга чейин да бир нече ирет айтылып келген эле. Бул боюнча, дегеле Кыргыз өлкөсүндө болуп жаткан түрдүү маселелерге чет өлкөдөгү мекендештерибиз да кайдыгер эмес экенин билдиришүүдө. Алардын бири кыргыздын таланттуу уулу, АКШда жашаган пианист Азамат Сыдыков жеке пикирин SUPER.KG порталына мындайча билдирди:

"Христиандык Европа дүйнөнүн бардык элин кабыл алып, жашоого мүмкүнчүлүк берип, жер, мүрзөдөн жай берип жатат. Азыр биз дүйнө элинин көзүнө кандай көрүнүп жатабыз? Чет жерде баш кесерлер, фашисттер мигранттарды жердигине, динине карап бөлүп, өлтүрүп жатышса, баары кыйкырып чыгат да, өзүбүздүн жаранга жеткенде ушунча шылдың, келеке менен мамиле кылышат. Түркөйлүктүн, билимсиздиктин туткуну болгон жергиликтүү тургундарды айыптай албайм. Мен Каныгүл Сатыбалдиеванын үй-бүлөсүнө коопсуздукту түзүп, ага мүрзөдөн тынч жай берүүнү камсыз кыла албаган өлкөнүн бийлигин айыптайм. Бул Кыргыз өлкөсүнүн биримдигине жана аброюна урулган чоң сокку болду. Эгерде бүгүн биз мүрзөлөрдү динине карап бөлсөк, эртең көчөлөр менен шаарларды этникалык тибине карап бөлүп баштайбыз. Бул жерде теңирчилер, тигинде христиандар, ары жакта атеист корей, орустар деп...

Элден салык алып жатканда "Сен христиан, атеист, коммунист эмессиңби?" деп сурабайт да. Баарынан бирдей өлкөнүн керек-жарагы үчүн салык алышат. Ал эми мүрзө тууралуу сөз болгондо, көрдүңүздөр да, адам өзү кызмат кылып, мээнети менен салык төлөгөн жерден чарчы метр жайга ээ болбой калганын. Жер да бир гана "тандалгандар" үчүн болуп калды. Муну караңгылык деп эсептейм. Дүйнөдө 2,4 миллиард христиан бар. Алардын 900 миллиону протестанттар жана протестант баптисттер. Бул АКШ, Германия, Нидерланды өлкөсүнүн жашоочуларынын жарымын түзөт. Акча алып жатышканда эч ким "Бул протестанттардын акчасыбы же мусулмандардыкыбы?" деп сурабайт. Ал эми адамды коргоого келгенде сөзсүз түрдө анын ким экенин билүү зарылбы?"

Ошондой эле Азамат Сыдыков 22-октябрда "Сөөгү жерге берилбей бир нече жолу убара тарткан маркум Каныгүл Сатыбалдиеванын элесине жеке концертимди арнайм. Ал - мекендешим, өлкөнүн жараны, мээримдүү эне, аялзаты. Өз жарандарын коргой албаган, улуту, ишеними, расасы жана саясий көз караштарына карабай, Баш мыйзам талап кылгандай алардын укуктарын коргоп бере албаган бийликти айыптайм" деп, концертин ала-букалык, баптизм агымын тутунуп, сөөгү 3 жолу казылып алынган Каныгүл Сатыбалдиеванын элесине арнады. Концерт АКШнын Түндүк Каролина штатында өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(37)
24.10.2016. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Бекер олтургуча айранга нан туурап же дегенден болуптурго биягы.Өлгөн адамга каерде музыка арналчы эле?!
Мындай башты иштетиш керек да.Манкуртчулук да ээ менен да.
Oylonkyrgyzym түзөттү 2016-10-24 11:49:53
24.10.2016. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ошондон коро 14 кыздын элесине арнап куу ойносон да жарашмак.
24.10.2016. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
ALATOOLUK.JIGIT,Андай баптистердин күүсүнө 14 кыргыз мусулман кыздары зар эмес.Аларга өз туугандары Куран түшүрүп бата кылууда.Алардын даражасын көтөрүп бүт элди керек болсо самолетторду кызмат кылдырып койдуго Кудай Таала.Алардын сый урматы баптистерге караганда миң эсе жогору экенин көргөздү.А булар бирөөсү өлүп калса чогулушуп көмүшө албай убара.
24.10.2016. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Oylonkyrgyzym,баптистер минус басып атат окшойт сага.
24.10.2016. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Oylonkyrgyzym,
++++++
24.10.2016. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
take220281, этика нормаларын сактаңыз!
24.10.2016. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
эч кимге кызык эмес сенин арналган музыкан..:
24.10.2016. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Е Сыдыков, пианинанды чертип эле артисттигини кылып журо бербейсинби ХХХ. Бийликтин кандай тийешеси бар ал олуко? Баптисттер оздоруно таарынсын, баптисттердин башында отурган чондоруна таарынсын. """Динибиз, сыйынуу уйлорубуз документтештирилип официалдуу турдо иштейбиз, мамлекет лицензия берген бизге""" деп бир баптист мактанды, ошончо документештиришти билет экен бир 2,3 гектар жердида документтештирип атайын баптисттер учун мурзо ачтыртып койбойбу, мынтип ко
Модератор admin_portal түзөттү 2016-10-24 13:54:12
24.10.2016. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
FIFA-UEFA., этика нормаларын сактаңыз!
24.10.2016. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эхх аттин...Адамдар!!!"Кен-пейил Кыргыз элим"деген сапатывыз кайда кеткен?Бир пендени батыра албайт деген эмне деген шумдук?!Качан болду эле ушундай шумдук?Же адамдар ошончолук эле начарлап кеткенбизби?Ошол маркумду баткызбай койгондор да жооп берет Жараткандын алдында!Бизде озу ыйман болгон менен ынсап деген нерсе такыр жок!
24.10.2016. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кор болмок эмес. Эмне учун буддист, кристиан, карис, даже цыгандар олсо мындай тополон болбой эле комулуп кетет, себеби алар расмий диндерине кошуп расмий мурзолорун да даярдап койгон. А кана озун расмий дин деп эскптеген баптисттин мурзосу жок, же булар тируу кезин эле ойлоп, """олсон олуп кете бер, олгондон кийин не болосун мага по баран"""дейби? Бийлике барса токтом чыгарып жер болуп беретко либой расмий динге. Баптисттер 200 пайыз оздору куноолуу, бийликте, элде
24.10.2016. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жана исламда куноо жок.
24.10.2016. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
пианист туура айткан. чын чычалайт болбогула.
24.10.2016. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Izdeim_seni., Пианист туура денгенге караганда, сенда баптисттердин бири окшойсун?
24.10.2016. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайран элим кайда баратыбыз!!! "А. Атамбаев"
24.10.2016. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Учурда адамдардан ыйман-ынсап качып, адамдык баалуу сапаттарын жогото башташыптыр, тушунугу, кругозору томондоп, "кылым карытар бир кун" романындагы сабиджанга окшоп... Эл соокту кордобой мурзонун четинен же 500-1000 метр алысыраак жерден жай берип койсо болмок... Бийлик, эл, баарынан да кожо-молдо имамдар, адамдар башка динге отуп жатканда оозун ачып карап отурат да олгондо чуу которот. Башта кайда эле алар? Бийлик Кыргызстанда баптизмге тыю салсын, соок кордоп элди дурботкучо...
Revolyutsiya түзөттү 2016-10-24 13:05:46
24.10.2016. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Байкуш Азамат мынчалык чычалап баптист апан кчун ыйлап, концерт койгонуна караганда сенинда башын айланып шорун куурап баптист болуп кеткенин билинип турпт. Мусулман болсон мынтип аза кутпойт элен артист))))))

Бут эле баптисттер минус басып жатышатко чиркиндер))))))
24.10.2016. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Kyrgyz_myrza, "ХХХ" экенсин даана!!Мусулман болбосо эн башкысы АДАМ!Сени да адам болууга чакырам!Баптист-мусулман,буддист-христиан деп боло берсен "ХХХ" айырман жок болуп калат иним.Эсин барда этегинди жый!Тообо де...
Модератор admin_portal түзөттү 2016-10-24 13:56:48
24.10.2016. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
ekaterinburg, этика нормаларын сактаңыз!
24.10.2016. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Kyrgyz_myrza, Ошондойго, баптисттер коп окшойт.
24.10.2016. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азамат Сыдыковго толук кошулам, чынында акча алып жатканда унчукпай алышат, ошолордун кайерге көмүлүшүн чечип койбогон бийлик күнөлүү бул биринчи жолу болбогонун бийлик жакшы билет неге дагы кайталанышына жол берип жатышат.
24.10.2016. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озу негизи ар бир пенде жерге берилуу керек карманган динине карабай.Жер Аллах тааламдыкы, бир эле Ак суулуктарга же Ала Букалыктарга тиешелуу эмес.Жерге берилген денени кайра козгоп каздыруу бул манкурттук жапайычылык.Кыргыздар биз дагы 1300 жылда онолобуз.Биз онуккон мамлекеттерди элестетип жашабай тоодо кочуп конуп жашай беришибиз керек.Кыргыз биз онолбойбуз жакынкы жылдарда отвечаю.
24.10.2016. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сен да баптист турбайсынбы анда
24.10.2016. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tuigan.,озун даптис
24.10.2016. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мусульман болуп торолгондон кийин мусулманча эле калыш керекда.акча дегенде азгырылбай.Сага окшогондор урматтуу пианист акча дегенде дин эмес оз жерин,оз апасында сатып жиберет.менимче сенда баптист окшойсунго.Андан коро тообо кылып балдарынды бакпайсынбы...
24.10.2016. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Не бул форумга баптистер толуп алганбы.Каяктагы бир пианист соройду колдошотго
24.10.2016. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Urmat_83, Ошону айтсан?!
24.10.2016. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийлик эле бийлик деп бийликти каралап жатып калыптырсынар. Бийлике баптисттер оздору келип арыз жазып, мурзо учун жер болдуртуп, токтом чыгартып алса болотко ар кимдин мурзосуно жалынбай. Баптисттерди кристияндар оздору да мурзолоруно комдургусу келбейт. Ошончо акчалары менен сыйфнуу уйлорун мыйзамдаштырышты билишет да кандай эле бир жерди мыйзамдаштырып мурзо кылышты билишпейт. Ар бир диндин озуно таандык мурзосу бар, бирок бир эле ушулардыкы жок экен.
24.10.2016. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ПианИСТ баптИСТ окшош эле ат.Бир агымдан окшойт бирок.
24.10.2016. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
1998 жылдары Ош Ту нун жатаканасында еки сантехник баптист бар еле кийин Токтогулдук кыздар да өткөн айына 300 сом төлөп берчу екен, комендант алмашканда баарын кууп чыкты еле,ошолор не болду екен тообо кылып Ислам динине кайтышты бекен кызык.
24.10.2016. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пианист чындыкты айтып жатат, ага чычыалаштын кереги жок! Анан сен озун баптист окшойсун бла бла дегенди жазгандар озунордун карангы экенинерди билдирип Коюпсунар. Аллахамдуллах мен мусулманмын бирок биздин бул кылганыбыз туура эмес. Курандын Кайсы жеринде соокту кайра касып алгыла Деп жазылыптыр, кимдин укугу бар мындайга. Аллага жагып жатабы ушул нерсе? Ислам эн биринчи ынтымакка, кен пейтлдуулукко чакырат. Уят Эле ошол айыл Элине.
24.10.2016. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул жерде бүт эле паптистер минусту бериптирго. Эгер паптистер кыйын болсоңор ошол аялды мүрзөңөргө алпбарып көмүп койбойт белеңер. Бүт иш аягына чыкканда кыйын болбой. Ушул ишти сөз түрүндө кылбай иш жүзүндө ишке ашырбайсыңарбы. Жазыштан, сүйлөштөн башка колуңардан п*гам келбейт.
24.10.2016. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адидас91, паптистердин оздорунун мурзосу болсо комобу?))))) даже кристияндарда жардаи берип "Мусулмандар комбосо биздин мурзого алып келгиле" деп жардам беришпедиго. Демек кристерда булардан жийиркенишет)))))
24.10.2016. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Kyrgyz_myrza, Туура!
24.10.2016. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыздардын башы айланып арабдардын окутуусуна кирип радикал исламисттер болуп башташыптыр тобоо минтип отурсак баштар мууздалган кундор да алыс эмес.Молдолоп угуттоп койдурбай эмнеге европада олгон араб сириялык же мусулманды алар кабыл алып олсо комуп атышат а кыргыз кыргызды батырбай ьаптис деп болуп койдурбайт анда Кыргызстанда толтура атеисттер бар ошолорду да комдурбош керек аябай озумчул озун гана ойлогон бузукулар
24.10.2016. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Биздин өлкө динден ажыратылган. Дин тууралуу маселелерге мамлекет жооптуу эмес. Атайын Дин башкармалыгы чечет муну. Мусулмандардын мүрзөсүнө ойногон жеринен койдурбай коюшкан жок. Баптистин кыйналганына момун мусулмандар чыдай албай калат экен. Пианист дин жөнүндө эмнени билмек эле? А.К.Ш да жүрүп булар(Данияр Айтман,Байсалов, ж.б) кыргыздын менталитетин, исламдын жол жоболорун билбей эле АКШнын сөзүн сүйлөй беришет...
25.10.2016. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Озу ушу паптистеринер менен тенирчилеринер саал башкачадай сезиле берет мага, же жин кирип кеткен буларга дегени чындыкпы а?)))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: