super.kg logo

Азамат Сыдыков: "7-апрелде эр-азаматтар эркиндик үчүн төштөрүн окко тосуп, азыркы бийликти алып келишкен. Бүгүн алар туугандарын тойгуза албай күндөрүн өткөрүп жатышат"

 

Учурда АКШда жашап жаткан кыргызстандык пианист, таланттуу музыкант Азамат Сыдыковдун Ала-Бука районунда үч жолу казылып алынган баптизм агымындагы аялдын сөөгү тууралуу пикири кызуу талкууда. Анын маркум Каныгүл Сатыбалдиевага мүрзөдөн тынч орун бере албаган кыргыз бийлигин айыптаган пикирин кээ бири сындап да жатышат. Бүгүн, 24-октябрда Азамат Сыдыков өзүн сындагандарга карата Facebook социалдык тармагы аркылуу мекендештерине кайрылып, кыргыз тилинде жооп жазды. Текстти өзгөртүүсүз беребиз.

"Урматтуу калайык калкым, кыргыз элим, журтум, жерим!

Кечээги Түндүк Каролина штатындагы дүйнөгө белгилүү Клэйтон фортепиано фестивалында өткөн жеке концертимди Каныгүл Сатыбалдиева апабыздын элесине арнаганым көптөгөн интернет, радио, телекөрсөтүү тармактарына тарап, элимдин арасында айтыш жана чыр-чатак жаратыптыр. Эртеси күнү мен "баптист", "саткын", "ЦРУнун желдети", "каапыр", "жидо-масон", "Американын тыңчысы" жана башка укмуш аттарга ээ болуптурмун. Бул, албетте, мени эч кандай капа кылган жок. Тескерисинче, күлкүмдү келтирип, кээде каткыртты. Кубандырганы маданияттуу, илими жогору жаш туугандарымдын көп экендиги болду.

Каныгүл апабыздын окуясын окуп абдан капа болуп, жүрөгүм тызылдап, эмне кыларымды билбей, музыка аркылуу, чыгармачылыктын күчү аркылуу элесине арнайм деп чечтим. Концертте улуу агайларым Калый Молдобасанов, Михаил Бурштин, Жылдыз Малдыбаеванын музыкасы жаңырып, дүңгүрөгөн кол чабуулар менен өттү.

Көп жердештеримдин динге жамынып алып, эң ыйык "кыргызчылык", "адамгерчилик", "мээримдүүлүк", "толеранттуулук", "гуманизм", "демократия" жана "эркиндик" деген түшүнүктөрдү унутуп, жерге таштап тебелегендери таң калтырды. Бул сапаттар үчүн биздин миңдеген улуу инсандарыбыз жандарын берип күрөшүшкөн. Кыргыз кыргызды чөөдөй, гиеналардай (ред. гиена - тарп жеп күн көрүүчү жырткыч айбан) болуп мүрзөдө жаткан жеринен кыргыздын бир кызын, кыргыздын апасын казып чыгып, тытып, өлүгүнөн өчүн алганы алардын алсыздыгын жана жапайылыгын гана көрсөттү. Кыргыз өлкөсүнүн бүткүл элин жана Конституциясын коргойм деп ант берген бийлик ал адамдарды катуу сынга алып, керек болсо сот жообуна тартышы зарыл.

Элибизди миң жылдар бою бөлө албаган душман, мынакей, арабыздан чыккан саткын душмандар кыргызды кыркка бөлүп-жарып жатышат. Ким болбосун, мусулманбы, христианбы, атеистпи, советчилби, орусчулбу, кыргызды кордоп, жанын алып, таш менен уруп, коркутуп, кыйнап намысын түшүргөндөрдү кыргыздын душмандары деп эсептейм. Кыргыз калпагын, өзүнүн уникалдуу маданиятын, рухун, элечегин, боз үйүн сатып, Теңирин, Умай энесин шылдыңдап, бөлөк чөл элдеринин бийин бийлеп, гранттарына тойбой, кыргыз апабыздын сөөгүнө асылгандардын аттары бүткүл Кыргыз өлкөсүнө жарыялансын!

2010-жылдагы 7-апрель күнү жүздөгөн эр-азаматтар эркиндик үчүн, татынакай мамлекетибиз үчүн төштөрүн окко тосуп берип ушул бийликти алып келишти эле. Бүгүн ал адамдар кайра баягыдай эле казынаны тономой, коррупция, тууган-туушкандарын тойгуза албай күндөрүн өткөрүп жатышат.

Ошол эле 2010-жылдын июнь айында түштүктө чоң тополоң чыгып, кан төгүлүп, мусулман кыргыз менен мусулман өзбек экөө кырылышып, бүт кыргыз эли биригип, тикесинен тик туруп, бүткүл калк: орусу да, корейи да, дунганы да миңдеген тонна тамак-аш, кийим-кече, гуманитардык жардам чогултуп, жарандык сезими жаралып, акыркы нанына чейин түштүккө жибергени эсимде. Учак менен сентябрь айында мамлекеттик оркестр, артисттер, ар кайсы улуттан турган музыканттар барып, сабырдуулукка чакырып, Ош элине арнап, кооптуу жагдайга карабай концерт коюп кеттик эле. Ал кезде эч ким сураган эмес, "Христиан орустун берген тамагы беле, кан тапшыргандын көз карашы атеизм беле, кийим-кечелер дунган, калмактыбы эмес беле?" деп.

Ошол учурда азыркы ыйык байкелерим кайда жүрүштү экен?

Айланайын кыргызым, мына, жашоомдун жарымы чет өлкөдө өтсө да, жаман болсо да, кыргыз тилин унутпай, өлкөмдүн желегин өйдө көтөрүп, дүйнөгө Кыргыз өлкөсүн өз чыгармачылыгым менен таанытып келе жатам. Ким кимге сыйынат, ишенет, кайсы философия жана саясатты колдойт, мага баары бир. Мага баарыңар бирдейсиңер. Алыста жүргөндө "мен кыргызмын", "Кыргыз жериненмин" дегенде жүрөк дайыма дирт деп сүйүнөсүң. Адамгерчилик деген - бул универсалдуу нерсе. Адамды адам кылган ошол сезим. Ансыз он жолу жыгылып, башың менен жерди жарсаң да Кудайга жакпайсың. Жаш бир туугандарыма каалоом - көбүрөөк китеп, адабият окуп, дүйнөлүк тарых жана маданиятты таанып, толеранттуулук, сабырдуулук жана гуманизм жолу менен баскыла. Ошондо гана биздин байчечекейдей кооз Ата Мекенибиз өсүп, алдыга жылат.

Бар болгула.

Азамат Сыдыков".






Азамат Сыдыков Түндүк Каролинада өткөн концертинде

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(32)
24.10.2016. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах оз жазасын берди ал аялга...эми баарыбыз бул дуйнодо кылган иштерибизге жооп беребиз. Аллах озу сактасын ар бир мусулманды. мен бул жерде эч кимди куноологум келбейт. Бир нерсени билдик, Аллахтын алдында сотун да, законун да алсыз. Бул дуйного мусулман болуп келген сон Аллахка шугур кылып мусулман бойдон отолу.
24.10.2016. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
X-peria, Сенин мусулман болуп торолгон сон мусулман бойдон отолу деген созуно кошумын. Бирок ал аялды Кудай жазалады дегенге кошулбаймын, менин жеке оюмда Кудайдын атын жамынган радикал исламчы имам-молдолор менен диний сабаттуулугу томон айыл эли кордоду соокту. Бугунку баптисттин ордуна эртен атеист кордолсочу. Кыргызстанда бардык мурзолордо мусулман да атеисти да аралаш комулуп келген. Керек болсо ошол радикал исламчылардын атасы же чон аталары атеист болгон...
Revolyutsiya түзөттү 2016-10-24 14:58:47
24.10.2016. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
X-peria, Экинчиден ИГИЛдин башындагылар исламдын атын жамынып алып каапырларды кармап алып тируулой мууздап, аялдарды (мусулман болобу, каапыр болобу) кезекке коюп кордоодо. (Айбандар да мындай кылбайт). Афганистанда таш баранга алып олтурушуудо самосуд кылып. Эне суту оозунан кете элек 9-12 жашар кыздарга уйлонушуудо. Эгер Кыргызстанда радикал исламизм баш которсо эртен Кыргызстан Афганистан менен Сирияга айланат...
Revolyutsiya түзөттү 2016-10-24 15:00:07
24.10.2016. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
X-peria, Экинчиден Кудайдын атын жамынган туура эмес Мисалы бир террорист 10-20 бейкуноо адам олтуруп, артынан сенчесинен аларды Кудай жазалады десе туура болобу?!! Эртен имам бироону таш баранга алгыла, бул Кудайдын каалоосу, буйругу десе ал да туура болобу?!!
24.10.2016. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Revolyutsiya,рахмат пикирине, мен сенин айтканынды туура же туура эмес деп айталбайм, себеби бул сенин жеке пикирин. койдурбай койгону туура эле менин оюмча. Сенин чон атан атеист болсо озуно жооп берет аркы дуйнодо. Коюлган жери бир деп жатасын, ал мезгилде баары атеист болгон, кудай жок деп жашашкан. Азыр болсо Аллахка шугур элибиз ыйманга келип Аллахты таанып келатат бул ото кубанычтуу нерсе. Биз Афганистанга айланбайбыз себеби аларды Америка жана Россия ушул акыбалга алып келди.
24.10.2016. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
X-peria,вйманга келип жатат дечи, сен али жаш окшойсун, ыймандуу деп СССР кезиндеги элди айтсан жарашат, ошол кездеги жаштардын кобу 50-60тан ашты, азыркылар радикалдашып эле барс жатат, мурда сакал коюп, чол адамдарынын кийимин кийбей эле жакшы журушчу!
24.10.2016. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Revolyutsiya, а бизде дин туура жолдо, туура, так маалыматтар менен жеткирилип келатат, устаздарыбыз бар Чубак ажыдай, Абдушукур ажыдай, алардын жолун жолдоп, артынан эрчисек жаман болбойбуз
24.10.2016. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ушу пианисти чыгарбагылачы.Озубуздун деле динге асылган галдирбайлар жетишетго американын куйруктары да буга окшогондор
24.10.2016. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-21
Urmat_83,аллах деген калп кудай, жомок, атайын сендейлер учун ойлоп табылган. Мен чын Кудайга ишенем бул Космосту жараткан. Ал эми арабтардын примитивдуу аллах-маллахына ишенсен, анда сага боорум ооруйт.
24.10.2016. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ican87, оозуна абайлачы эмне деп жатканында билип жатасынбы.Тобо омурумдо биринчи жолу сендейди окуп жатам Кыргыз Тим боле.бул пианистда и сенида Алах жараткан башынарга оор нерсени жакындатпачы ,Каныгул Сатыбалдиева деген дердин тагдыры силердин башынарга тушуп журосун.
24.10.2016. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Аллах деген создун маанисин тушуносунбу озун? Аллах деген араб тилинен Кудай деп эле которулат.
Араб христиандар мисалы Кудайды Аллах деп айтат. Ооба мен Кудайга ишенем, бирок сабатсыз Мухаммед ойлоп тапкан кудайга эмес, чыныгы бул Ааламды, Космосту жараткан Кудайга! Миллиардаган галактиканы жараткан улуу Кучко ишенем. Ага кайдагы арабча жомок кудайды же башка диндеги кудайды салыштыруунун озу эле чон куноо. Мусулмандар чыныгы Кудайга эмес, калп жомокко ишенип жатат. Бул мына чыныгы куноо
Ican87 түзөттү 2016-10-24 19:21:17
24.10.2016. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Azizbek.kg8, Чыныгы Кудай мусулмандарды жаман корот - ошондуктан мусулмандар онукпой жатат, согуштан,жакырчылыктан башы чыкпай. Чыныгы Кудайга ишенич учун арабча билуунун кереги жок. Ал бир эле араб тилин тушунот дейсинби? Башка тилди тушунбойт дейсинби? Бул мына Кудайды мазактаганга барабар. Мусулмандар чыныгы Кудайды эн мазактагандар, ошол учун тозокко барышат:)хахаха:)
24.10.2016. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Azizbek.kg8, чын эле илгери атейисттер деле коп эмес беле динчилдерге караганда, ошондо эмнеге атейисттер биздин мурзого коюлат дешкен эмес ыя?!
24.10.2016. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ican87,тоба кылдым тоба кылдым дечи,жүрөктү түшүрөсүңгоо..((
24.10.2016. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
paula.90,сен арабча куран же намаз, дубаларды окуганда, ошол эле Фатиха, Ихлас, башка суроолордун же дубалардын так котормолорун билесинби? Aрабча Эмне айтылып жатат тушуносунбу? Же билбей эле арабча урдура бересинби?:) Билбей эле арабча тамтырай берсен, анда сен, башка дагы миллиондогон мусулмандардай эле адамсын:) Капа болбо:) Алар деле эмне деп айтканын билбей эле тамтырай беришет:) Ошондой адамдарды чыныгы Кудай кантип сыйласын? Чыныгы Кудай биринчи убакта мусулмандарды тозокко жиберет:)
Ican87 түзөттү 2016-10-24 19:07:53
24.10.2016. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ican87,ошо аялда сага окшоп ишенбей ушундай абалга дуушар болдуда
24.10.2016. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Erlan_95, жомок аллахына мен эле эмес, менден коп эсе акылдуу озун сыйлаган бир дагы окумуштуу да ишенбейт. Мен чыныгы Кудайга эле ишенем, ал Кудайды илим аркылуу, билим аркылуу, башка адамдарга жардам аркылуу таанып билсек болот. Ал эми 5 маал калп кудайга окуган намаз, башка диндеги же башка улуттагы ададмарды олтурууго чакырган кудайга(aллахх) ишенмек турсун, убакытымды да коротпойм андай жомокторго. Аллах деген создун маанисин билесинби озун? Аллах деген арабча кудай деп которулат болгону.<
24.10.2016. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ican87,Сен мага бооруну орутпа эртен мен дагы Эллен чыгып калып комулбой калбайын деп озуно боор оору.Кайт ислам динге баптист болуп нени кыйратып атасынар
24.10.2016. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Urmat_83,Мен баптист эмесмин, бирок баптисттер жок дегенде мусулмандардай тероррист зоокур эмес. Анан дагы чыныгы Кудай мусулмандарды жаман корот, ошон учун мусулмандар онукпойт эч качан, ар дайым кедей жашайт. Мусулмандарда акылдуу окумуштуулар жок бугунку кундо. Чыныгы Кудай биринчи убакта мусулмандарды тозокко жиберет. анткени мусулмандар Кудайды сыйлабайт, башкаларды да сыйлабайт, онугууну каалабайт, озунун жомокторуна эле ишенип журо берет.
Ican87 түзөттү 2016-10-24 18:59:31
25.10.2016. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ican87,сен психикалык жактан ооруйт окшойсун,врачка корунуп толук дарыланып ал,анан дагы айткандарына тообо кыл.
24.10.2016. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ican87, боорун оорумак турсун мага десе ###### оорубайбы.
24.10.2016. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Urmat_83,ошол"галдирбай"мынантип Кыргызстанды таанытып журот чет элдерге.Сенчилеп "галдирап"тантыбай!
24.10.2016. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ekaterinburg, бизге "ХХХ" пианист керек эмес
Модератор admin_portal түзөттү 2016-10-25 10:53:20
25.10.2016. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Asylbek1981, этика нормаларын сактаңыз!
24.10.2016. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акылдуу бала окшойт онорун болсо орго чап
24.10.2016. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Азамат сен сонун иш кылдын сени менен сыймыктанам. Кыргыз элим эсинерге келгиле каяктагы бир чолдо карманган арабдарга окшобой кыргызды болуп жарган чала молдолор жакында эле Жанар Акаевге олгондо комдурбойм дегендер чыкты эле ошого окшогон радикал исламчылардын колунан келген булар. Кудай ошолордун жазасын берсин. Озулорунун ХХХ ХХХ ХХХ да минтпейт кыргызды болгондор. Илгери собз тараганга чейин Кудай деп эле кайрылышчу эми Аллах деп калышыптыр.
Модератор admin_portal түзөттү 2016-10-24 16:11:39
24.10.2016. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
meli12, этика нормаларын сактаңыз!
24.10.2016. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Эгер Арабдарды туурагынар келсе кочуп кеткиле Меккеге же Арабияга кыргыщдарды болуп жарбай. Кыргыздар атеист тенгри шаман мусулман болушкан эми кыйнап башташты го исламга отпосон элден чыгарыласын деп Авганистан болбосок болду эми комдурбосо кийин таш баранга алып башташат анан кыргыз бири бири менен кырылбаса болду арабдардын созуно кирип эсин барда этегинди жый кыргыз калкым.
24.10.2016. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Радикалдар кобойду динди тушунуп тушунбой тантырап озунукун гана туура деп билген. Эми укпагандарды башын алышып таш баранга алышса тан калбайбыз. Саткын фанаттар.
24.10.2016. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тообо динин саткандар баары бул жакта го....
25.10.2016. 07:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ким Аллага анын элчиси пацгамбарга Мухаммад с.а.в га ишенбесе каапыр ал
25.10.2016. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарынар кыйынсынар кыскасы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: