super.kg logo

100гө жакын адам "Дыйкан" базарынын жабылуусуна каршы чыкты

 

Бүгүн, 24-октябрда "Дыйкан" базарда анын жабылбашын талап кылган 100гө жакын адам нааразычылыкка чыкты. Сатуучу Санабар Исмаилова дагы алардын катарын толуктайт.

"Ленин районунун администрациясы, шаардык мэрия элди кыш келгенде кыйнабасын. "Сары-Өзөндөн" орун даярдагыча бир топ убакыт кетет. Бизди 8 жыл мурда "Баткен" базарынан милиция кызматкерлери дубинка менен сабап, 8 аялды камашкан. Азыр "Дыйкан" базарынан форма кийген милиция кызматкерлерин көрүп, коркуп жатабыз. Бизди базардан кетирбесин, базарды жаппасын деген талапты коёбуз", - дейт Исмаилова.

Базардын администрациясы "Базар жабылбайт, эч ким күчкө салып көчүрө албайт. Ушак сөздөргө ишенбегиле, соодаңыздарды уланта бериңиздер" деген чакырык жасады.

"Дыйкан" базарын "мунай базага жакын жайгашкан" деген шылтоо менен жапканы жатат. Бул базар 2008-жылы ачылган. Ал эми база 2010-жылы кампа болуп курулган. Ошондуктан базарды жабууга каршы болуп жатабыз", - дейт сатуучу Гуля Курамаева.

Маалым болгондой, базарда иштегендер Ленин райондук администрациясынын акими менен жолугууга чогулушкан.

"Базар которулса, соодагерлер менен милиция кызматкерлери кагылышы мүмкүн. Жаңжал болуп, эл жабыркабасын. Бул жердегилердин көбү насыя алып иштеп жатат", - дейт сатуучу Сабира Музалдиева.

Нааразы болгон элге жолукканы келген райондун акими Нурдин Тынаев соодагерлер 10-ноябрга чейин кетиши керектигин эскертип, чогулгандарды укпай, жоон топ милиция кызматкерлеринин коштоосунда кетти.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 14-октябрында Бишкек шаардык мэриясы аталган базардын жабылгандыгы тууралуу билдирүү тараткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
24.10.2016. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биринчи базарды куруп анан айдасаңар болот эле, Курсагы ток бала менен Курсагы ач бала ойнобойт деген ушул экенда, карапайым элди ойлосоңор болмок эртегеле жалдырап келесиңер шайлап койгула деп.
24.10.2016. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
keba300989,жаны базар ачылган...Жибек Жолу Фучик жакта
24.10.2016. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаба турган болсо эмнеге ачышты,башында ойлонбой былжырап ачып алышып,эл көнүп калганда жабабыз дешип.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: