super.kg logo
  Спорт  

ЖЫЛНААМА, 24-ОКТЯБРЬ: Англиялык футболчу Уэйн Руни 31 жашка толду

 

Бүгүн, 24-октябрда Англия курама командасынын жана англиялык "Манчестер Юнайтеддин" чабуулчусу Уэйн Руни 31 жашка толду. Ал Улуу Британиянын Ливерпуль шаарында туулган. Спортчу "Манчестер Юнайтеддин" курамында Англия Премьер-лигасын 3 ирет (2007, 2008, 2009), Англия Лигасынын Кубогун 2 ирет (2006, 2009) жана Англиянын Суперкубогун 2 ирет (2007, 2008) уткан. 2008-жылы УЕФАнын Чемпиондор Лигасы менен клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугун жеңип алган. 2003-жылдан бери Англиянын курамында 99 оюн өткөрүп, 43 гол киргизсе, "Манчестер Юнайтеддин" формасы менен майданга 313 ирет чыгып, 161 жолу айырмаланган.

Чет элдик басылмалардын билдиргенине караганда, акыркы кезде Руни түрдүү сындарга кабылып, "Манчестер Юнайтеддин" курамында ойнобой турганы, топту таштап кетери айтылууда. Кечээ, 23-октябрда "Манчестер Юнайтед" менен "Челси" командаларынын беттешине Рунинин келбегени маалымдалды. Оюнда Рунинин командасы 0:4 эсебинде "Челсиге" утулган.

24-октябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: