super.kg logo

Каракол шаарында эмгектенген тарбиячы: "Айлыгыбыз бул жылы 61 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу Атамбаевдин жообун уккум келет"

 

Одноклассники социалдык тармагында Каракол шаарындагы №1-бала бакчада иштеген Орусия Федерациясынын жараны Мария Царёва Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жасады.

Ал өз сөзүн Атамбаевди 2015-жылы бала бакчанын тарбиячыларынын жана мугалимдердин айылыгын көтөргөнүнө ыраазычылыгын билдирип баштаган.

"Бирок бул жылы 2015-2016-жылдары тарбиячыларга айлык туура эмес эсептелген деп, биздин айлыгыбызды 20 пайызга азайтышты. Андан сырткары буга чейин төлөнүп калган акчаны кайтарууну талап кылып, айлыгыбыздын дагы 20 пайызын, буга кошумча киреше салык менен Социалдык фондго 21 пайызын кармап жатышат.

Жыйынтыгында бул жылы биздин айлыгыбыз өткөн жылдан 61 пайызга төмөндөдү. Караколдун тарбиячылары иш ордун жоготуудан коркуп, өз эрки менен кайтаруу протоколдоруна мажбурланып кол коюшту. Мен тарбиячы, профсоюздун өкүлү, мектепке чейинки курактагы эки баланын энеси катары мындай жорукка чыдай албайм. Мындан улам президенттин жообун уккум келет", - дейт Царёва.

Каракол шаарынын мэриясы бул окуя тууралуу иликтөө жүрүп жатканын гана билдирди.






Айлык акынын жогорулап кайра түшүрүлүшүнө Ажобуз кандай жооп берет?

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(3)
24.10.2016. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мындай эмгек акы менен мамлекет жаш кадрларды копко кармай албайтко, мен да даярдоо классын окутуп жатам,башталгыч класстын мугалимимин.Быйыл даярдоо классынын айлыгы былтыркыдан жогору болот деген эле, бирок 4400 сом эмгек акы менен иштеп жатабыз.Кесибимен башка эле жумуш кылсамбы деп жатам.Анткени алган акчам тамак ашыбыздан ашпайт.Техникалык кызматкерлер да бизден коп алышат. Убаданы бергенден кийин аткаруу керек,аткара албаса айтпоо керек.
24.10.2016. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
5000 бала бакыра менен тамакка да жетпейт менин 4 балам бар гос жумушту жыйнаштырып 10 жыл мурун орусияга келгем..кудайга шугур,,баарына жетет..азыр 2 жылдан бери кыргызстандамын эч жерден иштегим жок 5000ге
25.10.2016. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
salfego, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу суроо, сунуш, сын-пикирлер gazeta@super.kg же portal@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: