Кулатуу-эр таймаш боюнча 6-турнирде эки кыргыз спортчусу Дүйнө чемпиону титулун алышса, бирөө титулун сактап калды

















Бишкек шаарында 22-октябрда Дүйнөлүк кулатуу-эр таймаш боюнча 6-турнир өтүп, кыргыз спортчусу Эрлан Нурбек уулу Дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Дүйнөлүк эр таймаш федерациясынан (WEF) билдиришти.
"WEF-6 GRAND PRIX-2016" турниринде Эрлан Нурбек уулу 72 килограмм салмакта тажикстандык атаандашы Давлат Диловаровду 1-раундда жеңиштик ыкмасын колдонуп, бул категорияда Дүйнө чемпиону болду. Ал эми Актилек Жумабек уулу (77 кг) тажикстандык Фаридун Вадилов менен таймашкан. Бусурманкул Абдибайт уулу (66 кг) рингге өзбекстандык Сирожидин Ешонбаев менен чыккан. Эки урушта тең кыргыз спортчулары жеңишке жетишкен", - деп билдиришти федерациядан.
Ал эми Гран-при үчүн кыргыз мушкери Самат Эмилбеков дагестандык Багаудин Абасов менен кез келип, жеңиш калыстардын чечими менен Багаудин Абасовго ыйгарылганы белгилүү болду.

Бул беш кундук жалган дуйно коз ирмемде отот,кетет!Адал-арамга кылдат конул буралы,мусулман бир туугандар!