super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 25-ОКТЯБРЬ: Мындан 152 жыл мурун төкмө акын, обончу, комузчу, аткаруучу, куудул, дастанчы Токтогул Сатылганов туулган

 
Токтогул Сатылганов
Токтогул Сатылганов
Токтогул Сатылгановдун сүрөтү түшүрүлгөн 100 сомдук (1995-жылы 20-мартта чыгарылган)
Токтогул Сатылгановдун сүрөтү түшүрүлгөн 100 сомдук (2002-жылы чыгарылган)
Токтогул Сатылгановдун сүрөтү түшүрүлгөн 100 сомдук (2009-жылы чыгарыла баштаган)

Мындан 152 мурун, 1864-жылы 25-октябрда төкмө акын, обончу, комузчу, аткаруучу, куудул, дастанчы Токтогул Сатылганов Ош облусунун Кетмен-Төбө өрөөнүндө (азыр Жалал-Абад облусуна карайт) туулган. 13 жашынан эле айыл арасында ырдай баштаган. Ырлары ар кандай тематикада болгон. Алгач "Алымкан", "Чакырбай сүткор", "Беш каман", "Эшен-калпа" сыяктуу көптөгөн ырлары, кийинчерээк "Эмне кызык?", "Гүлдөп ал", "Санат", "Терме" өңдүү нускалуу ырлары жаралган. Бай-манаптарды, эшен-калпаларды сындаган көп ырлары бар.

1898-жылы Сибирге сүргүнгө айдалган. Сүргүндө жүргөндө "Туткун ыры", "Ушундайбы сурагың?", "Качып келе жатканда" деген ырларын чыгарган. 1903-жылы сүргүндөн келгенден кийин "Эңсеген элим аманбы?", "Апакем, аман барсыңбы?" жана башка ырларды ырдаган. Октябрь революциясынан кийин жаңы түзүлүштү даңазалаган. Токтогул айтыш жанрындагы ырлардын чоң устаты болгон. "Манас" эпосун, кенже эпосторду да айткан. 1938-жылы алгачкы ырлар жыйнагы жарык көргөн. Кийин ырларынын эки томдугу кыргыз тилинде, эки томдугу орус тилинде, бир томдугу француз тилинде чыгарылган.

1933-жылы 69 жаш курагында туулган жеринде дүйнөдөн кайткан.

25-октябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: