super.kg logo

Кыргыз кызы "Жер сулуусу" Эл аралык сынагында "Улуттук кийимдер" көргөзмөсүнөн 3-орунду ээледи

 

Кечээ, 24-октябрда "Жер сулуусу" Эл аралык сынагына Кыргыз өлкөсүнөн катышып жаткан 19 жаштагы Бегим Алмасбекова "Улуттук кийимдер" сынагында 3-орунду ээледи. Ал бул тууралуу өзүнүн социалдык баракчасына жазып чыкты. 1-орунду Англия алса, 2-орунду Швеция алганы белгилүү болду.

Быйылкы сынак 6-октябрда башталган, 29-октябрда аяктайт. Ага дүйнө жүзүнөн 86 кыз катышууда. Сынак бир нече этаптан турат.

"Жер сулуусу" сынагы БУУнун колдоосу менен Филиппиндеги Манила шаарында өтүп турат. Башка сулуулук сынактарынан айырмаланып, ага экологиялык көйгөйлөрдү чечүү жолун издеген кыздар катышат. Сынактын башкы максаты - учурдагы көйгөйлөргө, айлана-чөйрөнү, жаратылышты сактоого көңүл бурдуруу. Муну менен катышуучулар өздөрүнүн экологиялык абалды жакшыртуучу долбоорлорун тартуулашат. Жеңүүчү Адамдын жашаган айлана-чөйрөсүн сактоо программаларын өнүктүрүү боюнча маселелерди кароочу БУУнун өкүлү болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
25.10.2016. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Охо,куттуктайбыз!Озу дагы сулуу,кийими да соонун экен.
25.10.2016. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыз кийимдери дуйнодогу эн улуу, аны кийген кыздары мындан сулуу. Биринчи орун болсо керек озу.
25.10.2016. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгиликтерди багындыра бер !
25.10.2016. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ммм жакшы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: