super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 25-ОКТЯБРЬ: Америкалык поп ырчы Кэти Перри 32 жашка толду

 
Ырчы түрдүү образдарда өзүн сынап көрөт.
Актёр Орландо Блум жана Кэти Перри
Кэти Перри
"Rise" ырына тартылган клибинен кадр

Бүгүн, 25-октябрда америкалык поп ырчы Кэти Перри 32 жашка толду. Ал АКШнын Калифорния штатындагы Санта-Барбара шаарында төрөлгөн. Толук аты-жөнү - Кэтрин Элизабет Хадсон. Кэти "The Beatles" тобунун 6 жумалык Billboard чартындагы рекордун "Мен кызды өптүм" ("I Kissed a Girl") аттуу ыры менен басып өтүп, аталган чартта 7 апта бою кармалып турган. Ушул жылы ырчы Бразилияда өткөн Олимпиада оюндарынын гимни катары жаңырган "Rise" аталышындагы чыгарманы аткарган.

Ырчы 2010-жылы 23-октябрда Рассел Бренд аттуу жигитке турмушка чыккан, бирок түгөйлөр арадан бир жыл өтпөй ажырашууга арыз беришкен. Учурда Перринин англиялык актёр Орландо Блум менен сүйүү мамилери бар экени айтылып, бул маалыматты сүйүшкөндөр жакында эле тастыкташкан. Атүгүл эс алуу учурундагы сүрөттөрү байма-бай жарыяланып, "Блум ырчыга үйлөнүүгө даяр" деген кептер айтылууда. Алардын сүйүү романы той менен аяктайбы, азырынча белгисиз.

25-октябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: