super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 25-ОКТЯБРЬ: Мындан 14 жыл мурун ирландиялык музыкант жана актёр Ричард Харрис көз жумган

 

Мындан 14 жыл мурун ирландиялык музыкант, актёр, режиссёр, жазуучу, "Канн" фестивалынын, "Грэмми", "Алтын глобус" сыйлыктарынын ээси Ричард Харрис 72 жашында Лондондогу ооруканалардын биринде көз жумган.

Ал "Юлий Цезарь", "Гарри Поттер жана сырдуу бөлмө", "Гарри Поттер жана философиялык таш", "Граф Монте-Кристо", "Гладиатор", "Тарзан, адам-маймыл", "Камелот" жана башка тасмаларда роль жараткан. Кыргыз көрүүчүлөрүнө Гарри Поттер тууралуу тасмалар аркылуу белгилүү болгон актёр жогоруда аталган тасманын экинчи бөлүгүнө тартылуу учурунда ооруп баштаган. Андыктан режиссёр Крис Коламбус улам алсыз болуп бара жаткан Ричард Харристи дублёр менен алмаштырганы айтылат. Кийинчерээк ооруканага жаткырылып, ошол бойдон айыгып чыккан эмес.
Харрис режиссёрлук кесипти 1950-жылдары аркалай баштаган. "Спорттук жашоо ушундай" тасмасы аны жылдызга айланткан. Өмүрүнүн акыркы жылдарында оор басырыктуу абышканын образын жараткан тасмаларга тартылган.

25-октябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: