super.kg logo
  Саясат  

Жантөрө Сатыбалдиев: "Макмал алтын" ишканасы өлкө үчүн маанилүү мекеме"

 
Бүгүн, 18-апрелде премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы “Макмал алтын” ишканасы менен таанышып чыкты. Ал жерде иштеген жумушчулар менен болгон жолугушууда өкмөт башчы “2012-жылдын күз айларынан бери өкмөт “Макмал алтын” ишканасынын иштөөсүн мындан ары да улантуу тууралуу маселенин үстүнөн иштеп жатат. Бул жерде 1200 адам эмгектенет жана Тогуз-Торо районунда гана эмес, республика үчүн бул ишкана эң маанилүү мекеме. Комбинаттын ишин толук кандуу улантууга өкмөт ар тараптан колдоо көрсөтөт”,- деди. Маалыматка таянсак, аталган ишкана былтыр 367 килограмм алтын өндүргөн. “Биз компрессор жабдыгынын иштен чыгуусуна байланыштуу өткөн жылкы планды аткара албай калдык. Аны оңдоого 2 ай убакыт кетти”,- деди ишкананын директору Нурлан Исаков. Быйыл 500 килограмм алтын өндүрүү пландалып жатканын кошумчалады ишкана башчысы. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: