Түркиянын Анталия шаарында жардыруу болду




Бүгүн эртең менен Түркиянын Анталия шаарында жардыруу болду. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, жардыруу Соода-өнөр жай палатасынын унаа токтотуучу жайында болгон. Шаар мэри Мендерес Тюрелдин айтымында, жабыркагандардын саны 12ге жеткен.
Мендерес Тюрел жергиликтүү телеканалдардын бирине берген маегинде: “Жардыруу унаа токтотуучу жайда болгон. Кырсыктын кесепетинен кээ бир имараттардын жана унаалардын айнектери сынган. Азырынча жардыруунун келип чыгуу себептери такталууда”, - деди.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, жардыруудан жабыркагандардын арасында өлкөбүздүн жарандары жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.