super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: "Добулбас" тобунун жигиттерин "Биздин айыл" ырынын клибин тартып бүткөнчө эт менен коноктошкон

 

"Айланасын тоолор курчаган,
Кайда жүрсөм эстен чыкпаган.
Биздин айыл жердин сулуусу,
Жылда барсам, жылда суктанам".

Жерин сүйгөн ар бир адам өзү туулуп-өскөн жай тууралуу жогорудагыдай ыр саптарын ырдаары талашсыз. Туулган айылга болгон сүйүү "Добулбас" тобунун "Биздин айыл" чыгармасында берилип, клибинде жергебиздин кооз жаратылышы көрсөтүлөт.

Клип тууралуу аталган топтун ырчысы Кубат Тургумбаев буларга токтолду:

"Ырдын автору Майрамбек Осмоновдон уруксат алып, жаздырып, ырдап чыктык. Биздин ырдаганыбызды угуп жактырып, сүйүнгөнүнөн клип тарттырып берейин деп калды. Ошентип, клип Майрамбек байке туулган Токтогул районундагы Толук айылында тартылды. Тартуу иштери бүткөнгө чейин бизди аябай коноктоп жатышты. Күндө эт жей берип акырында этти көргүбүз келбей калган.

Жай мезгили, чөп чабылып жаткан учур болчу. Аябай кооз жер экен. Майрамбек байкенин апасы бир топ жашка барып калганына карабай аябай күлдүрүп сүйлөйт экен. Тартуу учуру, агайдын кичи мекенине болгон саякатыбыз абдан кызыктуу болду".

"Добулбас" тобунун "Биздин айыл" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
25.10.2016. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик ушул баланын ырдаганы жакшыраак
25.10.2016. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыңар
25.10.2016. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыр ото жакшы.Клипи дагы жакшы тартылыптыр! Добулбастын балдары толковый балдар! Ийгилик!!!
26.10.2016. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bizdin aiyl da kantse da, myndan da kooz jerleri kop, klipke baaryn batyra albait da, okunuchtuu
26.10.2016. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
толук жакшы жер бизден ары кеттет,эжекемкине коп барчу элеек☺
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: