super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев: "Конституциянын түп нускасы менде эмес"

 

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев анда Конституциянын түп нускасы жок экенин SUPER.KG порталына билдирди.

"Азыр президенттик аппараттагылар "Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн колдору коюлган Конституциянын түп нускасы Текебаевде экен" деп айтып жатышат. Менде ошондой вариант бар, бирок ал түп нуска эмес. Ал документ да эмес, ал менин жумушчу документим", - деди депутат.

Андан соң ал эмне себеп менен Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн колдорун топтогонун түшүндүрдү. "Менин дагы акылым бар, тажрыйбам бар. 2010-жылы биз, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, таң атканча отуруп, жаңжалдашып бир чечимге келгенбиз. Алар эртең эле "мен айткан эмесмин, мен билген эмесмин" деп танарын билип туруп, мен ар биринен кол койдуруп алгам. Расмий документтин ар бир бетине эч ким кол койбойт. Ага бир гана өкмөт башчы кол коёт. Расмий документте реквизиттер болот: өкмөттүн бекиткен чечими, анын номери, штамптары. Мендеги документ - менин жумушчу документим. Эгер кол койдуруп чыкпаганымда, ошол адамдар "биз койгон эмеспиз, Текебаев менен Отунбаева экөө жазып кол коюшкан" деп жаңжал чыгарышмак. Негизинен, бул көйгөй эмес. Эң маанилүүсү, Конституция кабыл алынды, анын тексти турат, бир да тамгасы өзгөргөн жок", - деп түшүндүрдү Текебаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: