super.kg logo

Коомдогу адамдардын жасалмалуулугун чагылдырган "Симулянттар" тасмасы жабык форматта көрсөтүлдү (фоторепортаж)

 
Тасманын жаратуучулары
Тасманын жаратуучулары
Башкы каармандын образын жараткан Эркин Нурбаев
Башкы каармандардын образын жараткан ырчылар Сайкал менен Чолпонай
Ырчы Самат Дөөлөтбаков кызы менен
Тасмадан кадр
Тасмадан кадр
Тасмадан кадр
Тасмадан кадр

Бүгүн, 25-октябрда "Симулянттар" комедиялык тасмасы жабык форматта көрсөтүлдү. Ага фильмдин жаратуучулары, атайын чакырылган коноктор, медиа өкүлдөрү катышты. Тасмага ырчылар Сайкал Садыбакасова, Чолпонай, Аско, алып баруучу Эркин Нурбаев жана башкалар тартылышкан.

Продюсер Тимурлан Тилеков тасманын аталышы жөнүндө буларга токтолду:

"Симулянт" деген сөздү кыргызчага которсок, "өлүмүш" дегенди билдирет экен. Бул бир аз орой угулат. Эмне үчүн тасма "Симулянттар" деп аталат? Азыр ар кандай тармакта өлүмүштөр көп эмеспи. Андыктан ырчы Чолпонайдын сунушу менен, баарыбыз кеңешип ушул аталышты калтырууну туура көрдүк. Тасмадан ар бир көрүүчү өзүн көрүп, кетирген кемчилигин сезип, жыйынтык чыгарса дейбиз. Кээ бири, мүмкүн, калп эле өлүмүш болот, а жашоодо такыр башка адам. Коомдогу мына ушундай адамдарды чагылдырууга аракет кылдык".

Тасмада Пери аттуу сулууну жакшы көрүп калган бири шаардык, экинчиси айылдык жигиттердин өз ара каршылашы, таймашы, кыздын көңүлүн алуу үчүн түрдүү амалдары, жадакалса алдамчылыкка чейин баргандары көрсөтүлөт. Бирок бир күнү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын "Адамдар жакшылык кылууну эмес, өздөрүн пиарлоону, атын чыгарууну гана ойлошот. Мына ушуларды чыныгы симулянттар деп атоого болот" дегени башкы каармандарды терең ойлонууга, кийип жүргөн бет кабын чечип, чыныгы жүзүн көрсөтүүгө мажбур кылат. Бирок баары бул кадамга даяр эмес эле...

Ошондой эле тасмада эл арасындагы трайбализм, жасалмалуулук, жаштардын виртуалдык жашоого, тагыраагы, Инстаграм сыяктуу социалдык тармактарга байланып калганы өңдүү маселелер көрсөтүлөт.






Реалдуу жашоого чакырган “Симулянттар” тасмасы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
26.10.2016. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качан коробуз
26.10.2016. 03:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Супер-инфо, кинозалга жаны кинолордон жуктоп койсонор абдан жакшы болот эле.
26.10.2016. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dadin2, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат!
26.10.2016. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жабык форматта эмес, жарымы ачык форматта эле коюшбаптырда
SUPER.KG видео
26.10.2016. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан жакшы кино экени корунуп турат. Эми эртерээк кинотеатрга барыш керек экен)
SUPER.KG видео
28.10.2016. 05:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россиядагылар качан корот эми
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: