super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев "2010-жылкы оор кырдаалды жанымда жүргөн Атамбаев дагы эле түшүнбөптүр"

 

Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаев 2010-жылдагы оор кырдаалды, жоопкерчиликти дагы эле түшүнбөгөнүн айтты. Телеканалдардын бирине 25-октябрда курган маегинде Текебаев буларды билдирди:

"Атамбаев дагы 1 жыл мамлекетти башкарат. Ошол кезде биздин жаныбызда жүрдү, өткөөл мезгилдин өзгөчөлүгүн, кыйынчылыгын, эң башкысы, биз сунуштаган жол картасын түшүнүшү керек эле да. Бүгүн Атамбаев түшүнбөйт экен. "Отунбаева шайланган эмес" деп ачылыш жасап жатат. Аны шайланды деп ким айтты? Түшүнбөйт. Гезитте жазылган ушактардын жетегине алынып, ошолорду кайталап айтат. Ошентип эл алдында өзүн да, өлкөнү да уят кылып жатат".

Белгилей кетсек, президент Алмазбек Атамбаев 31-августта Роза Отунбаева 2010-жылы эл тарабынан президент болуп шайланбаганын айткан эле.

Өмүрбек Текебаев Отунбаеваны "шайланды" деп эч ким айтпаганын, ал өткөөл мезгилдин президенти катары бекитилгенин айтат. "Отунбаева Конституцияны күчүнө киргизүү механизми катары дайындалды. Отунбаева жеке адам катары эмес, институт катары элдин эрки менен бекемделди. Отунбаева ошол мезгилде таяныч, казыктай болду, анын айланасында бийлик калыптанды. Ага эбегейсиз бийлик берилди, бирок ал 3 этап менен башка органдарга берилди. Биринчиси - парламенттик шайлоо өткөргөндөн кийин мыйзам чыгаруу укугу Жогорку Кеңешке өттү. Парламент жаңы өкмөт түзгөндө Отунбаева өзүнүн премьерлик укугун жаңы дайындалган өкмөт башчы Атамбаевге өткөрүп берди. Кийинки жылы Атамбаев президент болуп шайланганда өзүнүн президенттик укугун да ага өткөрүп берди. Отунбаева өлкөдө мыйзамдуу бийлик органдарын түзүү миссиясын ийгиликтүү аткарды", - деди "Ата Мекендин" лидери.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: