super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Доктурлардын алы жетпеген ооруну табып айыктырып берди"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Табыптын жардамы менен айыгып кеткендер болобу?" деген тема кызуу талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөр:

"Кыргыз жергесинде табыпчылык менен алектенүүгө уруксат берилген экен. Бирок эч бир медициналык билими жок адамдар "элдин ден соолугу үчүн кам көрөм, дарылап салам" деп милдет алышканы кандай? Акыркы учурда "табыптардын дарылоосунан улам каза болду" деген маалыматтарды да көп көрүп калдым. Силердин тааныштарыңардын арасында табыптан айыгып кеткен учурлар болду беле?"

"Табыптар менин бир жээниме эшектин сүтүн ичире берип өлтүрүп тынышты. Буларга да ишенич жок. Эптеп эле акча алмай".

"Апам кызыл жүгүрүк, полиартрит болуп аябай катуу ооруган. 1 жылга жакын ооруканада жатып, айыга алган эмес. Кийин 2 жыл табыптын айтканын кылып жүрүп биротоло айыгып кеткен. Адам айыгып кетерине ишенсе, табыптын айтканын гана кылса айыгат. Ишенбесе, тамагын тыйбай ар нерсени жей берсе, улуу профессор дарыласа деле айыкпайт".

"Ишенбей калдым, мени айыктырбай, тескерисинче, денемди күйгүзүп салды. Айыкпаган дарт деп нервди да өлтүрдү. Көрсө, меники болгону көз жара экен. Эптеп эле акча алмай экен да. Ал табып эжеге барыш үчүн жумушумдан да чыгып, 5 ай барып жүрдүм. Эми баары Жараткандан, алар жөн гана себепчи болуп калышат. Пенде экенбиз да, ар кимдин сөзүнө ишенип, айтканын кылабыз деп".

"Мен ишенем, себеби атам айыгып кеткен. 65 жашында бүт денеси сары болуп, ооруканада 1 ай жаткан. Күндөн-күнгө начарлап баратканда сарык оорусу жугуп калбаш үчүн "дообуз жок" деп алып чыгып кеткенбиз. Кийин бир табыпка көрсөтсөк, тамыр кармап, "сакал алгычтан вирус жуккан" деп айткан. Ал киши 10 күн дарылагандан кийин айыгып кеткен. Андан бери 12 жыл өтүптүр, Кудайга шүгүр".

"Менин алыскы тууганымды доктурлар "айыктыра албайбыз" деп ооруканадан чыгарып койгондон кийин бир күчтүү табып айыктырган. Доктурлардын алы жетпеген ооруну табып айыктырган. Мен ишенем".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
26.10.2016. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ишенбейм!!!
26.10.2016. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
21-чи кылымда жашап жатып,ушундай темаларды которбой койсок эле болмок.Корунгондор коруно берсин,ар-бир адамдын озунун коз карашы.Бирок мамлекет ушундайларга уруксат бергени уят эле.Токойдон жаны чыккан адамдарга окшоп.
26.10.2016. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Mongol1155,
Токойдон чыкпай эле...
Докторлор айыктырбаган орууну айыктырган деп жататко. Туура баары бирдей эмес.
Кээде очпогон умут деп табыптардан айыккандарда жок эмес. Мамлекет жол бергени да жакшы. Кааласа алып барсын. Врач олот десе уйуно алып барып, олгончо карап отурбайсында.
Tansuluu09 түзөттү 2016-10-26 14:29:55
26.10.2016. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баары Аллахтын буюругу менен!
Ошол табыптар да,ошол медицина да себепчи болот экен!
26.10.2016. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Догдурлар адамга ысык отконду жана жаш балдар эм болгонду такыр айыктыралышбайт... табыптар даарылайт....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: