super.kg logo

УКМКнын өкүлдөрүнө кол көтөргөн милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголду

 

17-апрелде Бишкек шаардык прокуратурасы УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрүн токмоктошкон Свердлов РИИБинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Алар "иликтөө иштерине тоскоолдук жаратуу", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "бийлик өкүлү катары зомбулук көрсөтүү" беренелери боюнча айыпталууда. Эскерте кетсек, 12-апрелде "пара алган" деген шек менен УКМКнын өкүлдөрү Свердлов РИИБинин кызматкерлеринин биринин иш бөлмөсүнө тинтүү жүргүзүп жаткан учурда, милиция кызматкерлери аларды токмоктоп салышкан. Улуттук госпиталдын берген аныктамасынын негизинде УКМКнын өкүлдөрүнө “баш сөөгүнүн жабык түрдөгү жаракаты” жана “мээнин чайкалышы” деген диагноздор коюлганы белгилүү болду. Учурда болуп өткөн окуя боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: