super.kg logo

Кант шаарында окуучулар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча театрлаштырылган окутуу болуп өттү

 
Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайдын студенттери
Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайдын студенттери пьеса коюу учурунда
Чүй облустук билим берүү башкармалыгынын жана Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү
Кант шаарындагы мектептердин окуучулары

Кант шаарында бүгүн, 26-октябрда 15 мектептин окуучуларынын катышуусунда өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча окутуу өттү. Иш-чара терроризмдин жана экстремизмдин жайылуусунун жана жашы жете электер арасындагы кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган. Иш-чаранын жүрүшүндө Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайдын студенттери мектеп рэкетчилиги тууралуу тарбиялык мааниси бар пьеса коюп беришти. Ошондой эле көрүүчүлөргө кедей үй-бүлөдө чоңойгон баланын тагдыры тууралуу видеоролик көрсөтүлдү.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Назира Имангазиеванын айтымында, бул иш-чараны Ички иштер башкы башкармалыгы Чүй облустук билим берүү башкармалыгы менен биргеликте өткөрүп жатат.

"Буга чейин кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча сабактар өтүп келген. Бирок быйыл мурдагы жылдардан айырмаланып, сабактардын таасирдүүлүгүн арттырып, театрлаштырылган көрсөтүү даярдаганбыз. Мындай иш-чарадан соң жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулуктун саны азаят деген үмүттөбүз", - деп билдирди Н.Имангазиева.

Иш-чаранын жүрүшүндө Чүй ОИИБинин кызматкерлери кылмыштуулуктун жана терроризм, экстремизмди жайылтуунун алдын алуу боюнча лекция окуп, радикалдык исламдын салттык исламдан айырмасын түшүндүрүп берди. Окуучулардын бири эмне үчүн дүкөндөрдө жашы жете электерге спирт ичимдиктери, тамеки сатыла берери, ошондой эле түнкү клубдарга өспүрүмдөрдү эмне үчүн текшерүүсүз киргизилиши көзөмөлгө алынбай жатканын сурады. Ага жооп катары Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жакында Кант шаарында бул боюнча рейд жүргүзүлөрүн билдиришти.

Эскерте кетсек, бул иш-чара 24-октябрда Кемин районунда башталган. Профилактикалык лекциялык иш-чара Чүй облусунун аймагындагы калган мектептерде ушул жылдын 13-ноябрына чейин уланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: