Сузакта 10 миң сом үчүн асынып алган окуучунун акыркы видеосу
Үстүбүздөгү жылдын 23-октябрында Сузак районунун Сымкат айылында 2002-жылы туулган Шерзат Алимбеков асынып алган. Маркумдун атасы баласынын өлүмүнө айылдашы Кубанычбек Токтосунов себепкер экенин айтууда. Акыркы жолу тартылып алынган видеодо ал: “Мен 10 миң сом уурдаган эмесмин. Бакыт акенин баласы мас абалда катуу сабады. Көзүм караңгылап кеткенинен, өлтүрүп коёбу деп мойнума алгам. Ошол учурда жанымда 3900 сом бар болчу. Анын 2 миң сомун жер казып алгам, калганын чогултуп жүргөм”, - деген.
Ал эми Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы мектеп окуучусунун өлүмү боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.
10 миӊ сом үчүн асынып өлгөн баланын акыркы видеосу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Урганы неси ичип алып, зордоп мойнуна алдырытып??
Баланын жаткан жери жайлуу болсун, туугандарына сабыр тилейм!!
Дейт тобоо
Олуп оной кутулам деген ойдон арылыш керек. Ар кандай койгойдун созсуз бир нече чечуучу жолу болот. Олгон адам озун эле эмес жакын адамдарын да туболук азапка салат.