super.kg logo
  Саясат  

Эмомали Рахмон "эгемендүү Тажикстандын негиздөөчүсү" деп жарыяланды

 

Тажикстанда жаңы конституциялык мыйзам кабыл алынып, ага ылайык, президент "эгемендүү мамлекеттин негиздөөчүсү" деп жарыяланды. Бул тууралуу тажикстандык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жаңы мыйзамдын негизинде “улут көсөмүнө” Дүйшөмбүдө жана анын туулган жеринде атайын имарат бөлүнүп берилип, техникалык-коммуникациялык жабдуулар менен камсыздалат. Ошондой эле жеке фонду түзүлөт. Мыйзамды парламенттин Төмөнкү палатасынын төрт депутаты иштеп чыккан. Документ кириш сөздөн жана 19 беренеден туруп, былтыр декабрда кабыл алынган “Улут көсөмү тууралуу” мыйзамды жокко чыгарды.

"Тажикстандын Төмөнкү палатасы жаңы мыйзамды 26-октябрда кабыл алды. Ал кайсы бир жеке адамга эмес, өлкө президентине тиешелүү болуп саналат. Мындай билдирүүнү палатанын төрагасы айрым депутаттар азыркы өлкө башчы Эмомали Рахмонду мактап баштагандан кийин жарыялады", - деп жазышат басылмалар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: