super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Бабанов премьер-министрликке реалдуу талапкерби?

 

Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк 24-октябрда чачырап, алдыда жаңы коалицияга кирчү фракциялардын алдында жаңы өкмөттү түзүү милдети турат.

Премьер-министрликке татыктуу дегендердин арасында коомчулукта Өмүрбек Бабановдун аты көп аталууда. SUPER.KG порталы бүгүн "Кыргыз Республикасынын тарыхында кайсы премьер-министр жакшы иштери менен элдин эсинде калды?" деген суроо менен Бишкек шаарынын тургундарынын арасында сурамжылоо жүргүзүп, суроого жооп узаткандардын көбү Бабановдун атын айтышты. Бабановдун башкалардан артыкчылыгы эмнеде? Биринчиси - жаш кадр, кыргыз эли саясий элитанын жаңыланышын, жашарышын каалап турганы чындык. Экинчиси - 2011-2012-жылдары өкмөттү жетектеп турганда өзүн реформа жасоого жөндөмдүү премьер катары көрсөтө алды. Анын тушунда жасалган жакшы иштердин бири - коррупциянын чордонуна айланып калган Каржы полициясын жоюп, ордуна Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматын түзгөн. Бул өз убагында чечкиндүү кадамдардын бири болгон. Элдин эсинде акылдуу цитаталар эмес, кескин айырмаланган реалдуу иштер калат сыягы...






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: