Бишкекте "Таатан" соода борборунун кампасы өрттөндү
Кечээ, 26-октябрда болжол менен саат 19:00дө Бишкек шаарынын Целиноград көчөсүндөгү "Таатан" соода борборунун кампасы күйүп жаткандыгы тууралуу Өрт өчүрүү кызматына маалымат түшкөн. Аны өчүрүүгө 4 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт чыккан жерде Бишкек шаардык башкармалыгынын ыкчам тобу жана Бишкек шаардык куткаруу кызматы иш алып барды. Өрт саат 20:09дарда чектелди.
"Кампада чыккан өрт саат 22:58де толугу менен өчүрүлдү. Күйгөн жер болжол менен 700 чарчы метрди түзөт, адам өмүрүнө зыян келтирилген жок. Өрттүн себеби такталууда", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.