super.kg logo

Быйыл Жер Ортолук деңизи аркылуу өтүүгө аракет кылган 3740 качкын каза болгон

 

Быйыл Жер Ортолук деңизи аркылуу өтүүгө аракет кылган 3740 киши каза болгон, бул 2015-жылга караганда 30 гана адамга аз. Бул тууралуу БУУнун Качкындар иши боюнча башкармалыгынын өкүлү Уильям Спиндлер билдиргени уюмдун расмий сайтында жарыяланды.

Мындай көрүнүштөр мигранттар агымынын кескин азайганына карабастан болууда. 2015-жылы деңиз аркылуу Европа жээктерине жетүүгө аракет кылган миллиондой адам катталган. Быйыл жыл башынан бери алардын саны 330 миң кишиге жетти. Мигранттар үчүн Ливия менен Италиянын ортосундагы деңиз каттамы эң кооптуу.

БУУ өкүлүнүн айтымында, ага мигранттарды деңиз аркылуу өткөрүп жүргөн аткезчилердин тактикасы себеп. Алар көбүнчө кооптуу кемелерди пайдаланып, бир эле маалда миңдеген адамдарды жөнөтүшөт. Андан сырткары мигранттар үчүн кыйла коопсузураак эсептелген Түркия аркылуу Грецияга өтүү каттамы да качкындардын агымын азайтуу максатында ЕБ менен Түркия ортосунда келишимге кол коюлгандан кийин жабылган.

БУУнун адистери качкындардын кагылышуулар болуп жаткан аймактардан качуусу үчүн коопсузураак жолдорду ачууга үндөшүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: