super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештеги аял депутаттар үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйүн талкуулашты

 

Парламентте 26-октябрда Аял депутаттар форумунун кезектеги жыйыны өтүп, "Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланды. Депутаттар үй-бүлөлүк зомбулук көбөйүп баратканын айтышып, кризистик борборлорду каржылык колдоону көйгөйдү чечүүнүн бир жолу катары сунушташты.

Форумдун төрайымы Эльвира Сурабалдиева Кыргыз жеринде аялдар менен жаш балдар кордукка туш болуп жатышканын белгилеп: "Бул көрүнүш жалпы коомдун келечеги үчүн коркунучтуу. Айрыкча зомбулукка кабылган балдар менен аялдардын тагдыры көз жаздымда калып, бул кадимки көрүнүш катары кабыл алынып калууда. Андыктан үй-бүлөлүк зомбулук жасалгандан кийин гана жазалоону адатка айлантпастан, мамлекет анын алдын алышы керек", - деди.

Кыргыз жеринде зордук-зомбулуктун алдын алуу программасын ишке ашыруу үчүн 25 миллион сом керектелет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: