ЭЛДИК КАБАР: "Ош өзбек делегациясын тескери тагылган туу менен тосту" дейт окурман
Ошто Бабур атындагы театрдын алдында мамлекеттик туу тескери тагылып турат. Бул тууралуу окурман бүгүн, 27-октябрда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Бабур атындагы театрдын алдында тескери тагылган мамлекеттик туу менен Ош шаарына келген Өзбекстандын делегациясын тосуп алдык", - дейт окурман.
Эске салсак, кечээ, 26-октябрда Ош шаарына Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Адхам Икрамов баштаган 120дан ашуун адамдан турган делегация келген.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.
Ош. Өзбек делегациясын тескери тагылган туу менен тосту






Ай аяктап бара жатат. Ушул айда жанылыгы башкалардан актуалдуу экен деп Ысык-Атада томат калдыктарын агын сууга тогулуп жатканы кабарланган кабар менен Алайдын Мурдаш айылында уурдалган эшектерди багып жаткан акимди сындаган макаланы туура кордум.
Пикиринизге кошулам
Ошолорду кыргызчалаардан мурун Бишкек менен Оштогу киргиздерди Кыргыз кылып Кыргыз тилинде суйлошууго кондурсон (депутаттарды кошуп) сооп болмок.