super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар башкы прокурор Аида Салянованын Лексус унаасынын чоо-жайын сурашты

 

Учурда Лексус 470 үлгүсүндөгү унаа менен жүрөрүн башкы прокурор Аида Салянова бүгүн, 18-апрелде ЖКнын жыйынында депутат Улукбек Кочкоровдун суроосуна жооп берип жатып айтты. “Бул унаа 2011-жылы сатылып алынган. Мен бул кызматка келгенде мурунку башкы прокурор Мерседес Гелендваген үлгүсүндөгү унаа менен жүрчү экен, ага күнүнө 30-40 литр май кетчү. Ошондуктан андан баш тарткам”,- деди Салянова. Ал эми Улукбек Кочкоровдун айтымында, башкы прокурор өкмөттүн бюджетти кыскартуу боюнча атайын токтомун бузууда. “Сиз кымбат, көп бензин талап кылган унаа минип жүрөсүз. Айрым чек арага жакын жайгашкан айылдардагы эл күнүнө 20 литр сууга жетпей күн кечирүүдө”,- деди эл өкүлү. Өз кезегинде Аида Салянова аталган унааны сатып алууда кандайдыр бир мыйзам бузуулар болгондугу тууралуу далилдер жок эле мындай билдирүүнү таратпоону суранды. “Эгерде каражат туура эмес сарпталган болсо, анда тиешелүү адамдар жазасын алат”,- деди башкы прокурор.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: