super.kg logo
  Саясат  

Жети-Өгүз жана Ак-Талаа райондоруна жаңы тракторлор берилди

 

16-17-апрель күндөрү депутаттар Бакыт Төрөбаев жана Тынчтыкбек Шайназаров Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз жана Нарын облусунун Ак-Талаа райондорунда болуп, шайлоочулар менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет. Жолугушууда жергиликтүү тургундар эл өкүлдөрүнө жазгы талаа иштери, жол, көпүрө жана суу көйгөйлөрүн айтышып, депутаттардын пикирлерин угушту. "Биз аймактардагы айрым бир экономикалык каатчылыктардан чыгабыз десек, анын бир канча жолдорун издешибиз керек. Анын биринчи жолу - бул көп жылдардан бери иштетилбей жаткан жерлерди иштетип, жаңы ыкмалар менен, жаңы техникалардын жардамы аркылуу арбын түшүм алуу”,- деди Бакыт Төрөбаев. Андан тышкары  Бакыт Төрөбаев Жети-Өгүз жана Ак-Талаа райондоруна өз демилгеси менен атайын техникалык сервис ачылгандыгын жарыялап, ал районго бештен жаңы трактор тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: