super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 27-ОКТЯБРЬ: Астманы жеңүү үчүн спорт менен машыккан АКШнын 26-президенти Теодор Рузвельт туулган

 
Теодор Рузвельт
Теодор Рузвельттин үй-бүлөсү
Биринчи жубайы Элис Хатауэй Ли Рузвельт
Экинчи жубайы Эдит Рузвельт

Теодор Рузвельт 1858-жылы Нью-Йорк штатында жетиштүү үй-бүлөдө жарыкка келген. Жаштайынан ал астма дарты менен ооруп, сакайып кетүү үчүн дайым спорт менен машыгып турган. Муну менен кичинекей Рузвельт эркин бекемдеп, туруктуу максатка умтулууну үйрөнгөн. Кичине мезгилинде эле үй-бүлөсү менен Европага, Египетке саякаттап жүрүп, ал жердин маданияты менен таанышкан. 1873-жылы Рузвельт бир нече ай Германияда жашап, немис тилин өздөштүрөт. 1876-жылы Гарвард университетине тапшырып, биринчи жубайы Элис Хатауэй менен таанышкан.

1895-жылы Нью-Йорк шаарына полициянын башчысы болуп дайындалат жана мамлекеттик кызматты ушул жерден баштайт. 1898-жылы Нью-Йорк штатына губернатор болуп шайланат. 1901-жылдын 4-мартында республикачылардын атынан өлкөнүн вице-президенттигине талапкерлигин коюп, вице-президент катары иштей баштайт.

1901-жылдын 5-сентябрында 25-президент Мак Кинлиге кол салуу уюштурулуп, жараатынан улам ал каза болот. Натыйжада 14-сентябрда Рузвельт 42 жашында эң жаш президент катары бийликке келет.

Ал биринчи жубайынан кийин дагы бир жолу нике жаңыртып, натыйжада экинчи ирет үйлөнгөн. Теодор Рузвельт 1919-жылы 60 жашында Нью-Йоркто каза болот.

27-октябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: