super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 28-ОКТЯБРЬ: "Сулуу бийкеч" фильминен кийин Голливуд жылдызына айланган Жулия Робертс 49 жашка толду

 
Жулия Робертс
"Сулуу бийкеч" тасмасындагы өнөктөшү актёр Ричард Гир менен
Жулия Робертс балдары менен
Жулия Робертс үй-бүлөсү менен
Жулия Робертс күйөөсү Дэнни Модер менен

Бүгүн, 28-октябрда "Сулуу бийкеч" фильминен кийин Голливуд жылдызына айланган Жулия Робертс 49 жашка толду. Ал АКШнын Жоржия штатындагы Смирна шаарында мугалимдин үй-бүлө­сүндө төрөлгөн. 19 жашка толгондо агасы Эрик аны киного тартылууга чакырган. Жулиянын алгачкы тартылган киносу "Кызыл кан" деп аталган. Андан соң ушул сыяктуу бир-эки кыска метраждуу фильмге тартылган Жулияны америкалык режиссёр Гарри Маршалл "Сулуу бийкеч" фильмине башкы каармандын ролун аткарууга чакырган. Бул фильмден кийин актриса Голливуд жылдыздарынын катарына кирген.

Актрисанын айтымында, анын сулуулугунун эң негизги сыры - бакыт.
"Адам канчалык бактылуу болсо, ошончолук карыганда сулуу болот. Өткөн жылы туулган күнүмдүн келгенине өтө кубанган жокмун. Бирок съёмка болуп жаткан Нью-Йорк шаарынан үй-бүлөм, эжелерим, досторум күтүп жаткан Лос-Анжелестеги үйүмө учуп келгем. Алар мага арнап ыр ырдашып, чакан кече өткөрүшкөн. Убакытты кызыктуу өткөрсөң, жылдар коркунучтуу эмес. Бакыт бир гана үй-бүлөдө болору талашсыз.

Үй-бүлөдө көйгөй жаралса, баарыбыз талкуулап, чогуу сүйлөшөбүз. Кимдики туура, кимдики туура эмес экендиги маанилүү эмес, негизгиси - талаштуу учурда бири-бирибиздин көз карашыбызды түшүнүп, ситуациядан чыгууга жол табуу. Үч баланы кээде гана эркелеткенибиз болбосо, жолдошум экөөбүз бекем тартипте кармайбыз", - деп айтканы бар.

2015-жылы актриса күйөөсү оператор Дэнни Модер менен ажырашып жатканы тууралуу маалыматтар чет элдик басылмаларда байма-бай жарыяланган. Актриса бактылуу экенин, жолдошу ал үчүн ишенимдүү тыл, таянган тоосу экенин билдирип, ажырашуу тууралуу сөздөр ушак экенин айткан.

28-октябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: