super.kg logo

Ысык-Көл районунда 19 жаштагы кызды бычактап өлтүргөнгө шектелип 24 жаштагы жаран кармалды

 

Ысык-Көл районунда 19 жаштагы кызды бычактаганга шектелип аталган райондун 24 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 27-октябрда Ысык-Көл райондук ички иштер башкармалыгына Ысык-Көл районундагы Бактуу-Долоноту айылында 20-25 жаштардагы кыздын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ысык-Көл РИИБинин кызматкерлери аталган жердеги үйлөрдүн биринин алдынан Ысык-Көл районунун 1997-жылы туулган А. кызы А. аттуу тургунунун жансыз денесин табышкан. Анын башында жана бетинде бычактан алган жаракаттар болгон. Ошондой эле кыздын жанынан бычак табышкан.

"Кыздын жансыз денеси Чолпон-Атанын шаардык ооруканасынын өлүкканасына жеткирилген. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында анын денесине 11 жолу бычак сайылгандыгы аныкталган. Анын экөөсү жүрөк тушуна сайылган. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары Ысык-Көл районунун 24 жаштагы К. уулу К. аттуу тургуну кармалды. Алдын ала маалыматтарга караганда, каза болгон кыз Чолпон-Атада мугалим болуп эмгектенип, кылмышка шектүүнүн тууганына сабак берчү. Кыз жумушуна баратканда, шектүү аны сейилдеп келүүгө чакырган. Ал каршылык көрсөткөндүктөн, кылмышка шектүү аны 11 жолу бычак менен сайып, окуя болгон жерден качып кеткен. Ошол эле күнү кечинде милиция кызматкерлери аны үйүнөн кармап кетишкен. Кылмышка шектүү жаран буга чейин сотто "бейбаштык" беренеси боюнча 2 жолу жоопко тартылгандыгы аныкталды", - деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматынын кызматкери Эрнис Осмонбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
28.10.2016. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ХХХ, адам эмей эле!
Модератор admin_portal түзөттү 2016-10-28 11:47:57
28.10.2016. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Arslan12, этика нормаларын сактаңыз!
28.10.2016. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
К.ууулу К. Бир у ашыкча жазылып калыптыр.
28.10.2016. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Полиция дейби
28.10.2016. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ушундай окуя коп боло берет неге азыраак ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2016-10-28 12:36:56
28.10.2016. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
chon.alai., аймактар аралык түшүнбөстүк жаратуучу билдирүүлөрдү калтыруудан алыс болууну сунуштайбыз!
28.10.2016. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экоонун ортосунда башка мамилелер болушу мумкун...
28.10.2016. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Закон кучсуз бизде!!!ошого олтуро берет коркпой.адам олтургонду олтуруш керек.ошондо олум азыраак болмок беле?
29.10.2016. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
19 жашар кыз кантип мугалим болсун?! Өзү балапан го али?! Азыр бардык жерде политика... сейилдегенге көнбөсө эле бычактап салыш керекпи? Башка нерсе бар го бул жерде?
29.10.2016. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин айылдан болуптур кимдин кызы болду экен....ыйманы саламат болсун
30.10.2016. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эки жолу соттолуп,эки жолу тен коюп жиберилген,ушунусун да ,да коюп жиберсе.Бул бала дагын 10 адамдын башын жейт.Мына бизде закон.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: