Зордук-зомбулуктан жабыр тарткан балдар үчүн кайрымдуулук концерти коюлат
Эртең, 19-апрелде Бишкектеги Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде зордук-зомбулуктан жабыр тарткан балдар үчүн кайрымдуулук концерти болот. Концерт "Балдарга бирге жардам берели!" деп аталат. Иш-чараны "Балдардын укугун коргоочулар лигасы" коомдук фонду уюштурууда. Концерттен түшкөн каражатты Бишкектеги зордуктоодон жана мыкаачылыктан жабыр тарткан балдарга психологиялык, социалдык жана медициналык жактан колдоо иретинде беришет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

